"Эркин-Тоо"

Чүйдөгү сугат суусунун тартыштыгын кантип жоебуз?

Учурда өзгөчө Сары — Өзөн Чүй жеринде байкалаган сугат суусунун тартыштыгы дыйкандардын башкы көйгөйүнө айланды. Саратан жайдын ортолоп калганына карабай бүгүнкү күнгө чейин өсүмдүк талаалары бир тамчы суу ичпей куурап баратат.

Панфилов районунун Күрпүлдөк айылынын тургуну, дыйкан Анарбек Төралиев: «Суу күтүп, үй-бетин көрбөй талаалап калдык»

-Мурдагы жылдары деле суу тартыш болгон, бирок, быйыл суу таптакыр эле жок. Жай ортолоп калды, талаага бир тамчы суу келе элек. Өсүмдүктөр ашып кетсе бир жума чыдайт. Андан кийин булардын эч кимге кереги жок. Куурап калат. Эгерде бир жуманын ичинде талааларыбызды сугарып албасак, анда күзүндө түшүмдөн үмүт кылбай эле кылсак болот. Жазында фермерлер жеке ишкерден 1 кабы 135 доллар турган Венргия өлкөсүнөн келген жүгөрүнүн атайын сортун алып талаага эгишкен. Эми канчалаган мээнет, канча каражат, кандай үмүт менен айдаган талааларыбыз күйүп кетеби деп сарсанаабыз. Сууну күтүп дыйкандар күнү-түнү эле үй-бетин көрбөй талаалап калдык. Бүгүн дагы айылдаштарыбыз Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнө жолугууга кетишкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов: «Сугат суу маселесин парламенттик жыйында да көтөрдүк»

-Суу тартыштыгы быйыл өзгөчө курч абалда турат. Буга бир канча факторлор таасир этүүдө. Биз бул маселени чечүү үчүн дыйкандар менен жолугуп да сүйлөштүк. Тармактык комитеттин, парламенттин жалпы жыйынында бир нече жолу көтөрүп Министрлер Кабинетине тиешелүү тапшырмаларды берип талаптарды койдук”

Айыл чарба илиминин доктору, академик Жамин Акималиев:

«Сугат суунун тартыштыгына бир нече факторлор таасир этет»

-Учурда байкалган суу тартыштыгы бир гана биздин өлкөдө эмес, дүйнө жүзү боюнча байкалууда. Буга абанын температурасы 1 -1,5 градуска жогорулаганы таасир этүүдө. Ал эми биздин мамлекетте суунун аздыгына “Кумтөр” ишканасы да залакасын тийгизген. Себеби, алар түбөлүк эрибей турган биздин мөңгүлөрүбүздүн үстүндө иш алып барып, суубуздун запастарын талкалап жок кылышкан. Союз тараганда ошол кездеги өлкө жетекчилеринин айдоо жерлерин майда дыйкан чарбаларга таратуу чечиминин кесепети учурда байкалууда. Андан тышкары, атайын сугаруучу техниканын жоктугу, ирригация системаларынын оңдоп түзөөгө көптөгөн жылдар бою тиешелүү көңүл бурулбай калгандыгы суу тартыштыгын жаратууда.

Союз мезгилинде атайын суу сугарган сууну үнөмдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген агрегаттар да бар эле. Азыр андайлардан дайын жок. Жетекчилер ушул маселени да эске алып дыйкандарга техниканы лизинг аркылуу алууга мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек.

Экинчиден ирригация маселесине абдан дыкат көңүл бөлүү зарыл. Мисалы өз убагында оңдолбогон каналдардан, тазаланбаган арыктардан аккан суунун 30-40 % жолдон жоголот.

Түштүктөгү дыйкандар сууну үнөмдүү колдонгонду жакшы билишет. Алар талаага ар бир жөөккө арык казып, сууну ошону менен сугарышат. Ал эми Чүй Ысык-Көл тарапта сууну арыктан буруп эле талаага агызып жиберишет. Мындай ыкма сугат суусунун ысырапчылыгына алып келип, жыйынтыгында суу дыйкандардын баардыгына жетпей калат.

Сууну үнөмдүү пайдалануунун дагы бир жолу: өсүмдүктөрдү тамчылатып сугаруу технолгиясы. Бул ыкма абдан эффективдүү болгону менен баардык эле дыйкандын капчыгына туура келе бербейт. Бирок келечекте Өкмөт дыйкандар менен биргеликте айыл чарбасын тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөрүү жолдорун карап чыкса, сугат суусу көйгөйүнөн арылмак.

Тамчылатып сугаруунун альтернативдүү жолу катары кадимки пластик түтүктөрдү талаага , өсүмдүк тигилген жөөктөргө таштап, аралыгы 50-60 см кылып тешип койсо да, суу өсүмдүктөрдүн тамырына жетип, сууну үнөмдүү пайдаланса болот.

Сугат суусунун тартыштыгынын дагы бир себеби — учурда сууну сугарууну мамлекеттин өзүнө башкача айтканда, айыл өкмөттөрдүн карамагына өткөрүп берүү керек.

Себеби, учурда айылдарда сугат суусун бөлүштүрүү мурдагыдай суу чарба башкармалыгына эмес жеке менчик колго өткөн. Учурда чоң суу каналдан фермерлерге сууну жеке менчик СПАлар (Суу пайдалануучулар ассоциациясынын бөлүмдөрү) бөлүштүрөт. Мына ушул СПАлар эгин талааларын туура эмес анализдеп, дыйкандарды кезекке туура эмес коюп, же сууну жең ичинен сатышып, сууну башка райондорго буруп салган учурлар кездешет.

Ошондой эле сугат суусу тартыш жерлерге илгеркидей суу сактагычтарды куруу дагы жардам берет.

Жыйынтыктап айтканда, сугат суусунун тартыштыгы бул бир гана фактордон эмес, көптөгөн нерселерден көз каранды. Андыктан биз бул көйгөлөрдүн баардыгын комплекстүү түрдө карасак, гана маселени оң жагына чечебиз».

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов: «Жер алдынан суу чыгаруучу 100 насосту ишке киргизебиз»

«Учурда «Орто-Токой» суу сактагычынын 120 секундасына кубометр суу берүүгө мүмкүнчүлүгү бар, андыктан аны сарамжалдуу пайдалануу зарыл. Кургакчылыктан улам тоют маселеси да кыйынчылык туудуруп жатат. Тоюттун экспортуна тыюу салынат. Ал эми малды тирүүлөй сыртка сатууга жакында урусат берилет. Мен ушул күндөрү Чүй облусунун Панфилов жана Жайыл районундарындагы фермерлердин абалы менен таанышып келдим. Жергиликтүү адистер менен бирге мурда иштебей калган жер алдынан суу чыгаруучу 100 насосту ишке киргизели деген чечимге келдик».

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин директору Алмазбек Сокеев: «Донорлордун жардамы менен кошумча скважина куруу маселелери каралып жатат»

«Сугат суусунун жетишсиздиги өзгөчө Чүйдүн Жайыл, Панфилов, Москва райондорунда байкалып жаткандыктан донорлордун жардамы менен кошумча скважина куруу маселелери каралып жатат. Андан тышкары сууну өлчөөнү автоматташтыруу суу тартышты маселесин оң жагына чечүүгө жардам берет.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдылбай Жайлобаев: «Чүйдө түнкүсүн суу кампалар жабылып, Жайыл жана Панфилов райондоруна суу берилет»

«Буга чейин суу Чүй каналы аркылуу Жайыл жана Панфилов райондоруна жетүү үчүн лимит киргизилген. “Бирок биз максатыбызга жете алган жокпуз. Мындан улам бир нече күн бою түнкү маалда сууну жабууну чечтик. Ошондой эле, Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорундагы 200дөй скважина калыбына келтирилет. Совет мезгилинде өлкөдө 5 миң скважина болгон. Учурда алардын абалдары каралууда. Алдыда өлкө аймагындагы скважиналарды калыбына келтирүүнү пландап жатабыз. Катар фонду каржылык жактан жардам берүүнү айтып жатат. Ошондой эле, Чүй облусуна ошондой эле суу сактагычтар курулат».

Альбина Метерова

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!