"Эркин-Тоо"

ЧАҢ МЕНЕН КИРДИН АЙЫНАН

Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн эришинин бирден-бир себеби — аларды чаң менен кирдин көп капташы болууда. Бул туурасында Евразия өнүктүрүү банкынын «Борбор Азиянын сууэнергетикалык комплексин жөнгө салуу» деп аталган докладында айтылат. Анда мөңгүлөр Кыргызстан аймагынын төрт пайызын, Тажикстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын алты пайызын ээлей турганы белгиленген. Алардын азаюу темпи жылына 0,2-1 пайызды түзөт. Соңку 50-60 жылда ТяньШань менен Памирдеги мөңгүлөр 14 пайыздан 30 пайызга чейин эриген.