"Эркин-Тоо"

“Чакан ГЭС” ААКнын башкы директору Нурлан САДЫКОВ: “Чакан ГЭС курсаңыз өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алууга мамлекет кепилдик берет”

Жыл өткөн сайын климаттын өзгөрүшү дүйнө жүзү боюнча суу тартыштыгын жаратууда. Буга карабастан элдин электр энергиясына болгон керектөөсү жогорулоодо. Электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу максатында аймактарга чакан ГЭСтерди куруп иштетүү күндүн талабына айланды. Бул боюнча мамлекеттик “Чакан ГЭС” ААКсынын башкы директору Нурлан Садыков менен маектештик.

— Нурлан Маткасымович, “Чакан ГЭС” ишканасынын бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү боюнча токтолуп өтсөңүз?

— Биздин ишкана 1928-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленинский айылында курулуп, иштеп келет. Кыргызстандын энергетика тармагында сезилээрлик эмес кубаттуулукта болсо да, орду бар ишкана. Карамагыбызда 400 кВттык эки генератор иштеп, толук кандуу электр энергиясын өндүрөт. Андан сырткары оңдоп-түзөөнү талап кылган генераторлор арбын.

Биздин чакан ГЭСтер суунун көлөмүнө жараша иштейт. Азыр ар бир ГЭСте 2-3төн генератор турат. Суу көп келсе бардыгы тең иштейт. Суу келбей калса бирөөсү да иштебей калат. Суу сактагычыбыз жок болгондуктан, аккан сууга көз карандыбыз. Жалпы 9 чакан ГЭС бар. Жакында май айында Бала-Саруу ГЭСи да ишке киргизилип, аны менен карамагыбызда 10 чакан ГЭС болду.

Анын 9у Чүй өрөөнүндө болсо, Кемин шаарчасында Быстровка ГЭСи жайгашкан. Бул ГЭСтин  жабдыктары эскилиги жеткенине карабастан электр энергиясын өндүрүп чыгарат. Ал 1952-жылы курулуп, 1957-жылы ишке берилген. Калган ГЭСтер 1945-1957-жылдары курулган. ГЭСтердеги жабдыктар эскилиги жетип, ар кандай мүчүлүштүктөр чыгып жатат, ошентсе да өз күчүбүз менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп келе жатабыз.

— “Чакан ГЭС” ишканасы Чүй облусун электр энергиясы менен камсыздоого салым кошот тура…

— Биздин ГЭСтер Чүй каналынын нугунда жайгашып, Аламүдүн районунун Лебединовка айылында биринчи ГЭС бар. Ал жерден ЖЭБГе келген жерге чейин секундасына 30 кубга чейин суу алабыз. Бул ГЭСте жакында реконструкция иши башталат. Европа Өнүктүрүү банкы менен келишим түзүп, 13 млн 800 миң евро насыя алып, анын 5 млн. евросу грант түрүндө берилет. Бул ГЭСте генератор эски ыкма менен иштеп, электр энергиясын өндүрүүдө. Быйыл долбоорлорду түзүп алсак, кийинки жылдары жабдууларды сатып алып, жаңы ГЭСтерди куруп баштайбыз.

ГЭС-1, ГЭС-2, ГЭС-3,  ГЭС-4, ГЭС-5, ГЭС-6  ГЭСтери Лебединовка ГЭСинен ылдыйкы каскадда жайгашкан. Алар 25 МВт кубаттуулукта иштейт.  

Лебединовка айылындагы ГЭСте реконструкция иштери жүрүп, Кемин шаарчасындагы Быстровка ГЭСин да реконструкциядан өткөрүү максатында Дүйнөлүк Банк 3 млн. долларга жакын каражат берүүдө. Бул каражаттын бир бөлүгүн Быстровка ГЭСин реконструкция жасоого жумшайлы деп турабыз. Алдыда реконструкция иштеринин алкагында, жаңы чакан ГЭСтерди ишке киргизүү максатында Дүйнөлүк банк менен 43,2 млн. долларга иш-аракеттерди жүргүзүүдөбүз.

Жакынкы арада Ош облусунун Кара-Кулжа районунундагы Таар деген дарыяга ГЭС курууга аракет көрүп, азыр Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык финансылык инстутуттардын консультанттары иликтөө ишин жүргүзүүдө. Насыянын шарты да ыңгайлуу. Алар 50-жылга каражат берсе,  насыя 10 жыл өткөндөн кийин төлөнүп баштайт. Төлөгөндө да үстөк пайызы жок, канча каражат алсак ошону гана төлөп беребиз.

— Папан суу сактагычында да чакан ГЭС куруу боюнча иштер жүрүп жатабы?

-Папан суу сактагычына чакан ГЭС курууда Мамлекеттик Жеке Өнөктөш (ГЧП) ыкмасы менен иш жүргүзүп, кытай компаниясына шарт түзүү максатында суу сактагычтан жер тилкесин берүүдөбүз. Жакынкы арада капсуланы коюу аземи болот. Алар 3 жыл ичинде чакан ГЭС куруп, 25 жыл өздөрү иштетип, андан соң кыргыз өкмөтүнө өткөрүп берет.

Ошондой эле Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычында да ушундай ыкма менен иш жүргүзүп, келишимдин негизинде “Чакан ГЭС” ишканасы өкмөттүн атынан 30% каражат берет. Инвестор 70% каражатын салып, бизге өткөзүп берет. Куруу иштери бүткөн соң, кыргыз өкмөтү инвесторго 70%ын төлөп берет.

ГЭС-5 чакан ГЭСинде БСР (бассейин суточного регулирование) көлү бар. Ошол жерге 100 кВттык  күн энергиясы менен иштей турган ГЭСти орнотуп,  ал да иштеп баштады.

— Мамлекет өз каражатына “Бала-Саруу” ГЭСин куруп, ишке берилди.  Бул боюнча токтолуп кетсеңиз?

— Талас облусунун Манас районунундагы Киров суу сактагычына курулган “Бала-Саруу” ГЭСин мамлекет өз каражатына салды. ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт. ГЭСти курууда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы фонддон 2 млрд. доллар, андан сырткары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан да каражат алынып, жалпы 2 млрд. 600 млн. сомдун тегерегинде  жумшалды. Кошумча көмөкчү чордондор менен жаңылануу иш-аракети жүрүп, бүгүнкү күндө “Бала-Саруу” ГЭСи эң заманбап ГЭСтердин бири болду.

“Бала-Саруу” ГЭСинде азыркы тапта 13 адис иштеп, алар биздин адистерди үйрөтүп жатышат. Калган кызматкерлер жергиликтүү тургундар.

Баса белгилеп кетиш керек, акыркы 30-жыл ичинде чакан, чоң ГЭС да курулган эмес. “Бала-Саруу” ГЭСи өзүбүздүн адистердин жардамы менен курулду. Чакан ГЭС менен чоң ГЭСтерди курууда өтө деле айырмачылык болбойт. Бизде ГЭСтерди куруу боюнча “Нарын спец”, “Нарын монтаж” өңдүү ири ишканалар бар. Алар “Камбат-Ата-2” ГЭСин курууга катышкан. Булар азыр чоң көлөмдөгү иш жок отурушат. Буюрса, чоң ГЭСтердин курулушу баштала турган болсо өзүбүздүн эле адистер иштей алышат. Бизде тажрыйбалуу адистер турганда алардын иш-тажрыйбасын колдонуш керек.

— Аймактарда чакан ГЭСтер ишке кирсе, энергетикалык тартыштык көйгөйү чечилеби?

— Бир эле борбордун экономикалык абалын чыңдабастан, аймактардын өнүгүшүнө да инвестиция жумшап, “Бала-Саруу” чакан ГЭСи сыяктуу ишканалар аймактарга курулушу керек. Чакан ГЭСтер районду толук камсыз кыла албаса да, тең жарымын электр энергиясы менен камсыздаса жакшы көрсөткүч. Жайкы мезгилде Токтогул ГЭСинен суу албай, жергиликтүү аймакта өндүрүлгөн энергия менен бир аз да болсо Токтогул ГЭСиндеги сууну үнөмдөйбүз.

— ГЭС курууда кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

— Жабдуулардын басымдуу бөлүгү Европа мамлекетинен келгендиктен аларды алып келүү көйгөй жаратты. Орусия аркылуу келүүчү жолдун жабыктыгынан кыйынчылык болуп, жабдуулар көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн кечигип келди. Ошого карабастан ишибизди ийгиликтүү жүзөгө ашырдык.

Азыр “Бала-Саруу” ГЭСинде биздин өнөктөш ишканалар тест жүргүзүп, бардыгын кылдаттык менен текшерип, келишимдин негизинде милдеттенмелерин аткарып жатышат.

Алдыда Орто-Токой, Папан чакан ГЭСин курууда Кытай Эл Республикасынын ишкерлери менен келишим түзүп, алар жабдуулардын баардыгын өздөрү алып келип, куруп беришет. Жакынкы арада бул ГЭСтерди куруунун активдүү фазасы башталып, 2025-2026-жылдары  курулуп бүтүп, бизге тапшырып беришет.

— Чакан ГЭСтердин курулушу электр энергиянын баасынын туруктуу кармалышына таасир бере алабы?

— Чакан ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясын Улуттук электр тармактар ишканасына өткөрөбүз. Алар болсо электр энергиясын керектөөчүлөргө бөлүштүрөт.

Электр энергиясынын тарифтик баасы атайын токтомдун негизинде кабыл алынат. Кайра жаралчу электр энергиянын баасы 4 сом 42 тыйындан алынат. Биздин мамлекетте ар бир жаран чакан ГЭС курууга мүмкүнчүлүгү бар. Ишкер ГЭС куруп, электр энергиясын өндүрсө, өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет сатып алууга  кепилдик берет. Бизде бир жылга 3 млрддын кВттын тегерегинде электр энергиясына болгон тартыштык бар. Буга чейин электр энергиясынын арзан баада болушу абдан актуалдуу эле. Азыр биздин мамлекеттегидей электр энергиясынын тарифи бир да мамлекетте жок. Тарифтик баа менен электр энергиясын өндүрүүдөгү бардык чыгымдар жабылыш керек. Жыл өткөн сайын электр энергиясын таап, өндүрүү кыйын болууда. Ошого карабастан, энерго компаниялар күн энергиясын иштетип, андан электр энергиясын өндүрүп чыгып, жеткизип берип жатат. Жабдуулардын баарын чет жактан алып келебиз. Азыр арзан нерсеге карабай, көп жылдык кызмат кылып берүүчү жабдууларга басым жасаш керек.

Күн электр станциялары боюнча ГЭС-5 чакан ГЭСинде суунун бетинде 100 кВттык  күн станциясын курдук. Жакынкы арада Азия өнүктүрүү банкы менен келишим түзүп, күн энергиясы менен электр энергия өндүрүлүп чыга турган станцияларды курууну колго алабыз. Бул азыр пилоттук долбоор иретинде жүрүүдө.

— Нурлан Маткасымович, кандай пландарыңыздар бар?

-Азыр эми реконструкциядан өтүп жаткан эки чакан ГЭСти  ишке киргизип, бара-бара калган чакан ГЭСтерди реконструкциядан өткөрүп,  келечекте мамлекетибиздин аймактарына чакан ГЭСтер курулса деген ниеттебиз.

Кыргызстандын 95%ын тоолор ээлеп, ал жакта эмне деген суулар агып жатат. Аккан суунун энергиясын алып, иштетсек. Ооба, аны иштетүү кымбат.  Бирок, ошол аккан суунун бир тамчысын албай, анын энергиясын эле колдонсок дейм. Дүйнө жүзү боюнча суу тартыштыгы байкалып жатпайбы. Ошол себептүү, келечекте күндөн, шамалдан электр энергиясын өндүрүүнү жайылтсак. Азыр  эми бул тармактар жакшы өнүгө элек. Бул тармактар боюнча 3-4 жыл аралыгында жакшы  жылыштар болот деп ойлойм.

 

Кенже ОСМОНАЛИЕВА

№46 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 21-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!