Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чаткал дарыясындагы чакан ГЭСтердин курулушуна расмий старт берип, «Башкы-Терек» ГЭСинин капсула салуу аземине катышты.
Инвестициялык долбоордун алкагында 3 жыл ичинде Чаткал дарыясына 4 чакан ГЭС — «Башкы-Терек», «Коргон-Сай», «Чуңкурчак» жана «Айгыр-Жал» курулат. Бул ГЭСтер Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашат.
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде «Гран Холдинг» ЖЧКсынын инвестициясы менен ишке ашууда.
Маалыматка ылайык, бул долбоор ишке ашса, Чаткал туруктуу электр энергиясы менен камсыздалып, Ала-Бука жана Талас райондоруна да электр энергиясы берилет.

