"Эркин-Тоо"
Кендер кайтарылсын! Эркин Тоо гезити

ЧАТКАЛДЫН АЛТЫНЫН КАЗГАНДАР 20 МЛН ДОЛЛАР ТӨЛӨДҮ

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев аймактарды кыдырып, жергиликтүү бийликтин ишин көзөмөлгө алып, жер-жердеги көйгөйлөрдү чечүүгө киришкенине күбө болуп жатабыз. Ысык-Көл районундагы жана Токмок шаарындагы жыйындардан кийин бүт өлкөдөгү чиновниктердин көзү умачтай ачылды окшойт, аймактарда иш жүргөнү байкала баштады. Социалдык түйүндөрдө айыл өкмөт, аким, мэрлердин иш үстүндө жүргөнү, велосипед тээп айыл аралай баштаганы боюнча тасмалар тароодо.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин аймактарды кыдыруу ишинде дагы бир элдин көкөйүнө көк таштай тийген кендерге байланыштуу көйгөй да чечиле баштаганы ачыкка чыкты. Атап айтсак, алыскы Чаткал районуна барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда эки алтын кенге байланыштуу билдирүү жасап, Чаткалдагы “Иштамберди” жана “Жамгыр” кенинин 30 пайыздан ашык үлүшү мамлекетке өтөрүн билдирди.

“Чаткал районундагы ар бир кен иштеткен компания биздин тизмеде болот. Чоңу болобу, кичинекейиби ар бирин карап, кандай иштеп жатканын, канча салык төлөп жатканын, тапкан пайдасынын канчасы бизде калып жатканын текшерип чыгабыз. Анан кайсы бир чиновник беш-алты тыйын алып коюп, өзүнүн чөнтөгү үчүн иштетпеши керек. Биз текшерүүнү баштадык. Алгачкысын айтайын, Full Gold Mining деген компания болгон. Азыр деле бар. Алардын жасаган иштерин карап чыгып, көп мыйзам бузууларын таап, 30%ын мамлекетке өткөрүп жатат, эми ал мамлекеттики болот. Биз көзөмөлдөп турабыз. Андан тышкары, кетирген кемчиликтери үчүн 20 млн доллар акчаны төлөдү. Бул деген 1,7 млрд сом. Алардын акчасын мамлекетке өткөздүк. Ушул жерде Vertex деген компания бар. Анын да жок дегенде 30-40%ын мамлекетке өткөзөбүз. Алардын да бузууларын таап, мурдагы кирешелеринен жанын сууруп туруп элге беребиз. Мындай кылбасак болбой калды. Себеби дегенде, элдин байлыгын талап-тоноп жеп кетип жатышат” деди К.Ташиев.

Ошентип, Чаткалдагы “Иштамберди” кенин иштеткен Full Gold Mining компаниясынын 30%ы, ал эми “Жамгыр” кенинде алтын казган Vertex Gold компаниясынын үлүшүнүн 30-40%ы мамлекетке өтүп жатат. Муну эл далай жылдан бери күтүп, чара көрүлүүсүн талап кылып келген. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров да Курултайда «Эти Бакыр Терексай» компаниясы жөнүндө айтып, Чаткалда тешилбеген жер калбаганын билдирген.

«Чынында эле (Чаткалдын) тешилбеген жери калган эмес, баары тешилип бүткөн. Бул жерде «Эти Бакыр Терексай» деген компания бар. Ал Чаткалга бизге чейин келген. Биз жаңы бир дагы лицензия берген жокпуз. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, мен өткөндө адистерди, атайын комиссия жөнөттүм. Аны, «Эти Бакыр Терексайды» 100% мамлекетке алабыз деп азырынча алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” деген. Эске салсак, «Эти Бакыр Терексай» – биргелешкен ишкананын, капиталынын 25%ы “Кыргызалтын” компаниясына, 75%ы түркиялык «Эти Бакыр» ишканасына таандык. Компания 2015-жылы ноябрда Чаткалдагы “Терек”, “Тереккан” жана “Перевальное” кендерин аукциондо жеңип алган жана 20 миллион доллар төлөгөн.

Жергиликтүү тургундар тарабынан эки алтын кен боюнча нааразылыктар көп катталып, алар экологияга зыян алып келип жатканы дагы айтылып келе жатат. Чынында эле 30 жыл ичиндеги башаламан, иретсиз алтын казуунун айынан жаратылышка эбегейсиз кесепети тийүүдө. Учурда 1,5 миңдей гектар жер рекультивация болбой, аңырайып калган. Албетте, катаал чаралар көрүлө баштаса, күнөөлүүлөр качып кетип же жазасын алып камалышы мүмкүн. Бирок, андан жаратылыш калыбына келбей жатканы өкүндүрбөй койбойт. Буга чейинки жетекчилердин кыргызга жасаган кыянаттыгынын чордону ушул жерде жатканын белгилеп кетишибиз керек. Жеке кызыкчылыгын канааттандырыш үчүн кечиримсиз иштерди жасап кетишкен. Азыр бул жерде эки этап менен техникалык жана биологиялык рекультивация жасалышы керек. Ошол жерде мурда өсүп жаткан өсүмдүктөр кайра өсүшү керек. Рекультивация болбогондун айынан байырлаган жан-жаныбарлар кайра артка кайтпай калган, жайыттар бузулган бойдон турат. Эң өкүнүчтүүсү, токойлор бузулган. Кейиштүүсү, алтын өндүрүшүндө цианид иштетилет. Кышында суу көп болсо, андан аккан суу Терек-Сай суусуна кошулат. Ал сууну Ала-Бука, Чаткалдагы төрт-беш айыл колдонот, андан ары Өзбекстанга агат. Анын аягы чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, аталган аймакта Беш-Арал коругу жайгашкан. Беш-Арал коругунда Батыш Тянь-Шань эндемиги – Мензбир сууру байырлаган жер. Бул Батыш Тянь-Шанда гана жашаган жаныбар. Корукту ошол жаныбардан улам аны сактайлы деп ачышкан. Андан сырткары жаныбарлардын, куштардын көптөгөн түрү бар. Кызыл китепке кирген жоогазын өңдүү көптөгөн өсүмдүктөргө бай жер. Мензбир сууру Кыргызстандын эле эмес, эл аралык кызыл китепке кирген жаныбар. Негизи, корукка эч кандай үй, жол дагы салынбашы керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев “Иштамберди” кенин казган кытайлык компания лицензиялык келишимдердин бир катар жобосун бузганын айтып, улутташтыруу маселесин көтөрүп келе жатат.

«Булар ишин азыр ашар жолу менен алып барып жатат. Биз кенди улутташтыргыла деп тапшырма бергенбиз. Лицензиясын токтотуп, Кумтөргө окшотуп улутташтырып, мамлекетке өткөрүп, өкмөткө иштесин дегенбиз. Эмне үчүн дегенде ал жерди көргөндө үрөйүң учат. Канча жолу адам өлүмү менен аяктаган окуялар болду. Уу калдыктар сакталган жайы жана башкасына байланыштуу чоң суроолор бар. Аларга кемчиликтерин жоюу тууралуу 100дөн ашык жолу эскертүү берилген. Аны карап да коюшкан жок. Биз барып текшерип, көрүп келгенбиз. Мен «Фул Голд Майнингди» изилдеп көрдүм, бул жерде аны улутташтырууга мүмкүнчүлүк бар. Азыркы күндө алар үч лицензиялык аянтта иш алып барып жатат. «Фул Голд Майнинг» биздин лицензияны Кытайда ушуну менен үчүнчү жолу сатып жатат. Бул тууралуу маалыматыңар барбы? Булардын ээси үчүнчү жолу алмашып жатат. Булардын аты эле калды, ээлеринин баары алмашып кетти” деген Эрбаев.

Кыскасы, башаламан башкаруунун маалында кендер ит бекер сатылып, анын баарын иретке келтире албай азыр азабын тартып жатабыз. Эң чоңу “Кумтөр” болчу, аны Садыр Жапаров бийликке келери менен чечкен. Эми башкасын тартипке келтирүү иши башталып, Чаткалдагы эки кендин 30-40%дан үлүшү кайтты. Бул иштер токтобой, уланышы керек.

Кылычбек Кудайбергенов