"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Чаткалга жаңы оорукана курулат

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, анын жаңы имаратын куруудагы даярдык иштери менен таанышты.

Жаңы имарат үч кабаттуу болуп курулат. Анда терапия, хирургия, педиатрия, төрөт жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрү жайгашат.

Аталган аймактын айыл өкмөтү оорукана үчүн жер тилкесин бөлүп берген.

Курулуштун 2025-жылдын август айында башталып, 2026-жылы бүтөрү пландалууда.