Ооба, ар бир ата-эне: “Балдарым жакшы чыкса экен” деп тилейт. Ал эми ардактуу мугалимдерибиз, окуткан жүздөгөн окуучуларынын билимдүү болушун каалайт… Андыктан балдарыбыздын экинчи ата-энелери – мугалимдерге таазим кылышыбыз парз.
Ооба, ар бир адам баласы ден соолугунун чың болушун, узак өмүр сүрүшүн тилейт. “Биринчи байлык-ден соолук” деп бекеринен айтылбайт. Ал эми ардактуу дарыгерлер баарыбыздын ден соолугубуз үчүн кам көрөт.
Ооба, театр кийим илгичтен башталгандай, руханий жан дүйнөнү байытуу театр, китепкана, музейлерде жана башка маданий жайларда башат алат. Маданиятсыз бир үй-бүлөнү койчу, коомчулук тазарбайт. Катуу айтканда, маданиятсыз мамлекеттин келечеги жок. Тилекке каршы, эгемендик келген күндөн ушул убакка чейин мейли мектеп, медицина, маданият айдыңында кызмат кылган ардактуу кесип ээлерине ойдогудай ооматты тартуулай албадык. Айлык акы, жашоо-шарттарын өтө төмөндөтүп жибердик. Ошондуктан билим берүү, медицина, маданият тармагында көп кемчиликтерге жол берилди. Билим, маданият жардылыгы жан дүйнөнү жарга такаса, ден соолук маселеси начарлап, өмүр суусу тайыздоодо. Өкүнүчтүүсү театр, китепкана, музейлерге кирген көрүүчүлөр сейрек, ал эми ооруканаларга кирген, кезек күткөндөр көп, кайсы гана дартты алба жашарып баратат, кап?!
Маданияты өнүккөн өлкөлөрдө театр, музей, китепканаларга жана башка маданий жайларга агылган элдин аягы үзүлбөйт. Рухий таңсыктык сезилбейт. “Алдыңкы өлкөлөргө теңелсек” дегенде эки көзүбүз төрт болуп, узак жылдарды узаттык. Бакытты өз өлкөбүздөн эмес, чет өлкөлөрдөн издеп, ички жана сырткы миграция күч алып, тозок тоскоолдуктарды баштан кечирдик, кечирип да жатабыз. Сабырыбыз жукарып: “Атаганат, качан оңолобуз?!” дечү элек…
Эгемендик өлкөгө айланган 30 жылга тете мезгилде 3 жолу элдик толкундоолорду өткөрдүк. Кайра эле кара башын жуткан журт башчылар такка келип, алдыга эмес ат чабым артка кетенчиктедик. Паракорлук, жемкорлук, коррупция тамырланды. Карапайым калың эл жакырланды. Айлык акылар көтөрүлбөдү. Турмуш-шарт оңолбоду. Экономикабыз оорлоду. Тыштан алган карыздардын үстөгү өстү. Эгер ушул бойдон жүрүп олтурсак, небере, кыбырабызга чейин карызга батып, муктаждык муунта берээрине көзүбүз жетти. Каранкүн ай, качанкыга чейин чыдайт элек, эл ишенимин актабаган журт башчыларды кууп чыктык. Чындык үчүн башын сайган, “Кумтөр-Култөрдү”- “Кенчтөргө” айланткан Садыр Нургожоевич Жапаровду Президент кылып шайлап алдык. “Оозу күйгөн үйлөп ичет” дегендей алгач ажобуздун ак жолтой болооруна боор салбай шектене калып да жүрдүк. Чыркыраган чындык – бу саам жаңылбаптырбыз!
Арадан анча деле мезгил жебелери сызбады. Кылымдык иштер кыр аша баштады. Бир сөз менен айтканда, өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүндө зор роль ойной турган, буга чейин зор роль ойномок турсун ойрон болгон билим, медицина, маданият тармагында чечкиндүү кадамдар жасалып, улуу бурулуштар салтанаттады. Кыргызстан тарыхында мындай чечкиндүү кадамдар, чечекейди чеч кылган жарк эткен жаңылыктар жаралбай калганы качан?! Чейрек кылымдан ашык сыз жылдар чекебизди жылытпай келген. Кеменгер эл айткандай, Кудайга бир айтканыбыз бар экен.
Жаз алды менен көктөн жамгыр төккөндөй, Президентибиз колдоо, жардам баталарын төгө баштады. Жашаа! Жарыбаган эмгек акы менен иштегендердин айлыгы көтөрүлдү. Мындай болору үч уктасак да түшүбүзгө кирмек эмес. Бул айтылгандар не деген дөөлөт?! Не деген жетишкендик, ири жеңиш!
2022-жылдын 4-апрелинде Президент Садыр Нургожоевич Жапаров жасаган Кайрылуу эстен чыкпас ыйык күнгө айланды. Угуп сүйүнгөндөн сүйүнүч жашы тегеренди. Жети дубан эл-журт тыңдап: “Президент Садыр Жапаров айтканын аткарды, сөзүндө турду!” деп жетине албай, жерге батпай канат күүлөп көкөлөштү. Билгенде кандай, туйганда кандай Президентке болгон чексиз элдик Сүйүүнү!
Нечен жылдан бери кыргыз элинин чекесине чыккан чыйкан болгон “Кумтөр-Култөр” маселеси биротоло чечилип, кыргыз элинин энчисине тийди. Кыраан кыргыз элинин тарыхында “Кумтөр-Кенчтөр” ташка тамга баскандай даңазаланып, кылымдар кыйла кызмат кылат. Калдайган карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн үзүрүн берет. Бардар, бакубат турмуш турукташат.
Бали, жаштарыбыздын багы тоодой белем. Кайрылуунун ар бир сөзү мөөрдөй жүрөгүбүзгө терең басылды. Бул ыйык да, ары кымбат да бурулуш күн!
Калп айткан менен болобу? Бардар-бакыбат турмуш көз алдыбызга элестеп, иш жүзүндө далилдене баштады. Мисалы, Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачысы буга чейин 10875 сом айлык алып жүрсө, апрель айынан бштап 21845 сом алат. Айлыгы эки эсеге көбөйдү. Китепканачылардын мээнетин мынчалык барктаган журт башчылар болгонун буга чейин угуп да, көрбөппүз. Китеп – билим булагы. Атаганат, кечээ китепканаларыбызды кара кулпу кайтарып калган. Кирип-чыккан из жок, чым баскан. Көптөн күткөн көкөй кескен кесепеттер алыстады. Жетимсиреген китепканалардын сааты чыкты. Китеп шаарларыбыздын бүгүнкү кубанычы жалпы кыргыз элинин кубанычы. “Китеп окубай калдык” деген айың кеп бүгүн жарашпайт. Рухий байлыктарга болгон кызыкчылык чыңдалууда.
Музейде иштегендердин да кечээги муңун айтып болбос. Борборубуздагы мурдагы Ленин, кийинки улуттук музейибиздин чырын-кырсыгын кимдер билбейт?! Оңдойбуз деген шылтоо менен олчойгон каржыларды жемкор журт башчылар “талап” алышкан. Ачылбай жүрүп, жакшы эле «сүрсүп», жакында гана музейибиз иштей баштады.
Арийне, тарыхый-этнографиялык музейлердин ысыгы менен суугуна күйгөн кызматкерлердин пешене тери мамлекеттик деңгээлде эске алынбаган. Мына эми көптөн берки көксөгөн тилектерине жетишти. Бул албетте, “Кумтөр-Кенчтөрдүн” таасири. Айталык, Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 550 сом алса, мындан ары 33 222 сом алат. Ошондой эле бийик тоолуу, кышы узак катаал жерлер боюнча кошумча үстөк толук сакталат. Музей кызматкерлеринин жука чөнтөктөрү кадыресе калыңдап, турмуш-тиричиликтери илгерилейт.
Эми театр артисттеринин жыйылган армандарын айтсак, ары дегенде миң төөгө жүк болот. 3-4 миң сом менен театр босогосун аттаган жаш артисттердин чыдамына баракелде. Курмандыкты талап кылган искусствонун кызматкер-ишмерлерине кут түштү. Сахна чеберлери артисттердин түйшүгүндөй түйшүк болбос. Мына эми түмөн түйшүктөрү түмөн эмгек акыга айланып, мээнеттери жанып, жаркырап кызмат кылышмакчы.
Ош облусунда академиялык Бабур атындагы өзбек театрынын таланттары кыргыз-өзбек достугун чыңдап келишүүдө. Бирок, театр актёрлорунун алган айлыктары аз эле. Бардык кыргыз актёрлорунун башына түшкөн түйшүк буларда да мол эле. Өзбек актёрлор 17700 сом алып жүрүшсө, мындан ары 28239 сом колуна тиет. Мындай жагымдуу мисалдарды ар бир театрлардан келтирсек болот. Бул мисалдар Президент Садыр Нургожоевичтин өз оозунан чыккан гана мисалдар.
Мамлекетибизди түптөөгө учурунда унутулгус үлкөн кызмат кылган, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун: “Мен таза болсом, сен таза болсоң, баарыбыз таза болсок, коом да таза болот” деген ташка тамга баскандай сөзү бар. Мына ушул улуу сөзгө Президентибиз Садыр Жапаровдун: “Мен бир тыйын да уурдабаймын, башкалардын уурдашына да жол бербеймин” деген анты жанашып турат. Кара кылды как жарган калыс эл айтмакчы, Президентибиз айтканын аткарууда.
Чечекейди чеч кылган жаңылыктарыбыз кут болсун. Алгандын бермеги бар. Татыктуулук менен элге, мекенге кызмат кылышыбыз кажет. Себеби, мыкты кадрларга абдан муктажбыз. “Кадр баарын чечет” деп бекеринен айтылган эмес. Мекен жүгүн ак ниеттүүлүк менен көтөрүү ар бирибиздин милдетибиз.
№39 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 26-апрели
Айчүрөк Макешова