"Эркин-Тоо"

Чечкиндүү кадам жана дипломатиялык кыраакылык

Кыргызстан тышкы саясатта көп векторлуу багытты жактаган өлкө. Ошону менен бирге башка мамлекеттер менен тынчтыкта жанаша жашоого негизделген эл аралык укукту бекем карманган принцибинен тайбай келет. Президент Садыр Жапаров бийлик башына келген жылдардан тышкы саясий ишмердүүлүктө негизги орунду стратегиялык өнөктөштөр Россия, Кытай, Борбордук Азия жана Евросоюзга кирген мамлекеттер менен мамилелерди чыңдоо артыкчылык берерин айткан. Ошондой эле  Кыргызстан Азия, Европа, Америка жана ислам дүйнөсү менен мамилелерди өнүктүрүп, эл аралык уюмдар менен кызматташуунун жогорку деңгээлде жүзөгө ашырууга жетишүүдө.

Мындан төрт жыл мурдагы өлкөбүздөгү тышкы саясатка сарасеп салсак, кырдаал ойдогудай эмес болчу. Атамбаев Президент болуп турганда, кошуна Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери, ал тургай Түркия өлкөсү  менен болгон мамиле начарлап баратканына баарыбыз күбө болгонбуз. Андан кийин бийликке келген Сооронбай Жээнбеков деле эл аралык мамилелерди жөнгө салууга батынып кирише алган жок. Ар бир өлкөнүн тышкы саясаты көз карандысыздыктын жана мамлекеттин бышып жетилгенинин көрсөткүчүн аныктайт. Тилекке каршы, мурунку бийлик буга маани бере албай келди. Ошондуктан, ар бир Президент саясий жөндөмүнө, акыл-туюмуна жараша аракет кылышты окшойт.

Алыскы туугандан жакынкы кошуна…

Садыр Жапаровдун Кыргызстандын Президенти болуп шайлангандан кийинки тышкы саясатка болгон кадамы ары максаттуу, ары ырааттуу болгонун баса белгилейли. Ал ант бергенден бир айдан кийин алгачкы жумушчу сапарын миллиондогон эмгек мигранттарыбыз эмгектенип жаткан, өлкөбүз үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон Россияга баруудан баштады. Андан кийин “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” демекчи, 2-3-мартта Казакстанга, 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барды. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында буга чейинки өлкө башчылары Н.Назарбаев менен А.Атамбаевдин мамилесинен улам чыккан чек арадагы тирешүүлөр жумшарып, бир нукка түштү десек болот. Өзбекстандын бийлиги менен алака жакшырып, экономикалык кызматташунун натыйжасында Кыргыз-Өзбек фонду түзүлүп, эң башкысы чек араларды тактоого негиз түзө алды. Бул кызматташуунун кулачы кеңейип, өзбек ишкерлеринин колдоосу менен өлкөбүздө унаа чыгаруучу ишкана ачылып, эл аралык масштабдагы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилди. 2021-жылдын июнь айынын соңунда Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга ырасмий иш сапары менен барды. Бир катар документтерге кол коюлду. Жолугушуунун жыйынтыгында түркмөн туугандар кыштын күнү электр энергиясына болгон тартыштыгыбызга жардамын беришти. Эки тараптуу кызматташуу жанданды. Эгемендүүлүккө жеткен жылдардан бери Түркмөнстан менен алаканын жемишин көрбөй келгенибизди моюнга алалы.

Ал эми кошуна Тажикстан менен болгон татаал алаканы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. 2021-жылдын апрель айында жана 2022-жылдын сентябрь айында биздин чек арабыз аркылуу тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам, нечендеген эр азаматтарыбыздын өмүрү кыйылып, айылдарыбызды өрт курчап, күлү сапырылды. Үрөй учурган согуштук кырдаал жаралган. Бул мурунку бийликтен калган оор жүк болчу. Бирок, Президент Садыр Жапаров саясий чечкиндүүлүгүн, кыраакылыгын көрсөтүп, 2021-жылдын 28-29-июнда Түркмөнстандагы иш сапарынан кийин, Тажикстанга расмий иш сапары менен барды. Чек арадагы абалды жөнгө салуунун жолун издеди. Кыргызстандын тышкы саясатында Тажикстан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди калыбына келтирүү башкы орунда турду. Акыры Жапаровдун дипломатиялык иш билгилиги максаттын өтөөсүнөн чыгууга өбөлгө түздү. Учурда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жыйынтыкталып, эки өлкөнүн кызматташуусунун жаңы барагы ачылды.

БУУнун колдоосу

Кыргызстан БУУнун алкагында саясий диалогго жана кызматташууга өзгөчө маани берип, ошону менен бирге климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык күрөштө бирге болууга коомчулукту чакырып келет. БУУнун ассамблеясы Президент Жапаровдун экологияны коргоо боюнча бийик трибунадан айткан сунушун колдоп, 2022-жылдын 14-декабрындагы 77-сессиясында “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алышкан. Кыргыз Республикасынын демилгеси менен бул резолюция 2023–2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыяланып, добуш берүүсүз бир добуштан кабыл алынган Резолюцияга БУУнун 109 мүчө мамлекети авторлош катары кошулганын айта кетели. Ошондой эле Президент Жапаров өлкөнүн тышкы мамлекеттик карызын реструктуризациялоону, аны жашыл долбоорлорго инвестициялоо менен алмаштырууну сунуштаган. Мындай демилгени алгачкылардан болуп Түркия менен Германия колдошту. Маселен, “жашыл” экономика долбоорун колдоо максатында Түркия Кыргызстандын 58,8 млн доллар карызын кечти. БУУнун алкагында өтүп келген климаттык өзгөрүүлөргө байланышкан иш-чаралардын бири 2027-жылы “Бишкек+25” экинчи Глобалдык Тоо саммити Кыргызстанда өтө турганы биз үчүн зор ишеним. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Кыргызстанга экинчи ирет келип, Президент
Садыр Жапаров менен жолугушканда, «Мен Кыргызстанда азыркыдай өнүгүү динамикасын көргөн эмесмин. Кыргызстан мурда «уктап жаткан сулуу» сыяктуу эле. Эми ал өнүгүп, алдыга жылып жатат», — деп билдиргени өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө болгон дүйнөдөгү эң абройлуу уюмдун башчысынын татыктуу баасы десек болот.

ШКУ – ири долбоорлордун демилгечиси

Кыргызстандын жана бүтүндөй Борбордук Азиянын соода-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүндөгү Кытай менен стратегиялык өнөктөштүк өтө маанилүү бойдон кала берери талашсыз. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп, жылдан жылга эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өсүп баратат. Өткөн жылы 9 айда 222 млн доллар түз инвестиция салып, Кытай лидерлик позицияны ээледи. «Бир алкак – бир жол» мегадолбоордун масштабында «Кытай – Кыргызстан – Өзбек-стан» темир жолунун курулушуна старт берилди. Андан башка өткөн жылы кыргыз-кытай чек арасында жаңы «Бедел» өткөрмө пункту ачылып, «Барскоон – Үчтурфан – Аксу» автожолунун курулушу башталганы турат. Бир топ инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда. Бишкек шаарында эле Кытайдын грантынын эсебинен жүздөгөн көчөлөр оңдолду. Ошондой эле энергетика, айыл чарба продукциясын экспорттоо, транспорттук-логистикалык, инвестициялоо жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу жакшы жолго коюлууда.

Түрк мамлекеттер кызматташтыгы

Кыргызстандын чет мамлекеттер менен экономикалык мамилелериндеги эң маанилүү милдеттердин бири тарыхты, маданиятты жана башка гуманитардык багыттагы баалуулуктарды өнүктүрүү болуп эсептелет. Ошондуктан, тилибиз, дилибиз жакын Азербайжан, Түркия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан кирген Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында дагы мурда болуп көрбөгөндөй иштер колго алынууда. Бул мартабалуу уюмга Венгрия жана Түркмөнстан өлкөсү байкоочу катар катышып келет. 2024-жылдын 6-ноябрында Түрк мамлекеттер уюмунун өлкө башчыларынын жогорку деңгээлдеги 11-саммити өтүп, анда кабыл алынган маанилүү чечимдердин катарында 2025-жылы Бишкек шаарынын Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик борбору деп жарыяланды. Түрк дүйнөсүнүн хартиясы кабыл алынды. Ошондой эле экотуризмди өнүктүрүү максатында, Жалал-Абад шаары 2025-жылы «Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору» деп аталды. Аталган уюмга мүчө өлкөлөр менен эки тараптуу жана көп багытта кызматташуу ачык көрүнө баштады. Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 2022-жылы Азербайжан Республикасынын каражатына 550 орундуу мектеп курулган. Өткөн жылдан Азербайжандын Агдам облусунун Хыдырлы айылында Кыргызстан тарабынан Азербайжан элине белек катары мектептин курулушу жүрүп жатат.

Ислам өлкөлөрү менен болгон алака

Кыргызстандын Ислам өлкөлөрү менен кызматташуусу жаңы нукка түшкөнүн өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан долбоорлордон байкоого болот. Бул дагы болсо өлкө башчысынын туруктуу дипломатиялык иш-аракетинин натыйжасы. Садыр Жапаров 2024-жылдын башында шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахайяндын чакыруусу менен БАЭге иш сапары менен барып, Дүйнөлүк Өкмөт Саммитине катышып, БАЭ жетекчилиги жана эмират компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп келди.

Ал эми Сауд Арабияга иш сапары менен барган Садыр Жапаров Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани, Кувейттин мураскер ханзаадасы Шейх Мишаал Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах жана Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы жана премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгени маалым. Анын натыйжасында, өткөн жылы Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиянын ортосундагы кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комитеттин IV отурумунда Айлана-чөйрөнү коргоо, айыл чарба жана суу ресурстары министри Абдулрахман бин Абдулмохсин Аль-Фадли Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда 330 миллион долларлык долбоорлорду, анын ичинде турак жай, инфраструктура жана социалдык чөйрөдөгү программаларды ишке ашыруу ниети бар экенин билдирген.

Дагы бир маанилүү кызматташуунун үзүрү – 2024-жылдын июнь айында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммед Аль-Жасер Кыргызстанга иш сапары менен келип, аталган банк калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу үчүн Кыргызстанга 79 миллион доллар бөлөөрүн билдирген. Бул каражаттын эсебинен 1800гө жакын үй-бүлөнү социалдык турак-жай менен камсыз кылуу каралган. Бүгүнкү күндө ИӨБ Кыргызстанда жашыл энергетика, кичи ГЭСтерди куруу, адам ресурстарын өнүктүрүү, жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдү колдоо жаатында долбоорлорду иштеп чыгууга да кызыкдар экенин билдирип келет.

Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министринин орун басары Самих Исса Жохар Хаят Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында, тараптар Кыргызстан–Кувейт өнүктүрүү фондун түзүү боюнча ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилеген. Демек, Кыргызстан Ислам өлкөлөрү менен иш жүзүндөгү алакага өткөнү буга ачык далил.

Өнүгүүгө өбөлгө түзгөн ЕАЭБ

Кыргызстан БУУ, ШКУ, ЕККУ, КМШ, ЖККУ жана башка мамлекеттер аралык кызматташууну жактаган уюмдар менен бирге курамына Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирген Евразиялык экономикалык бирикме (ЕФЭБ) менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп келет. Биздин өлкөбүз үчүн стратегиялык жактан өтө маанилүү болгон мамлекеттерди камтыган бул уюм акыркы жылдарда экономикалык жактан өнүгүүгө жакшы шарттарды түзө алды. Аталган уюмга мүчө болгон он жылдын аралыгы Кыргызстан үчүн жемиштүү жылдар болду. Маселен, республиканын номиналдык ИДПсы 2015-жылдан бери 3 эсеге, бюджеттин кирешелери 2015-жылга салыштырмалуу 3,3 эсеге, бирикменин соода жүгүртүүсү дээрлик 2 эсе өстү. Дагы бир маанилүү маселе – өткөн жылы Кыргызстан ЕАЭБде эң көп салыктык кирешелерге ээ болду. Улуттук банктын маалыматы боюнча жалпысынан өткөн жылы Кыргызстанга которулган акчанын кеминде 94,1 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген. ЕАЭБ экономикалык бирикме катары жакынкы жылдарда мүчө болгон өлкөлөр үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн эң натыйжалуу уюм бойдон кала бермекчи.

Кызматташуунун географиясы кеңейүүдө

Эгерде Президент Садыр Жапаровдун тышкы саясатка байланышкан иш сапарларын эске ала турган болсок, өлкөнүн кызматташуусунун масштабы жыл сайын кеңейип баратат. 2024-жылы Садыр Жапаров ар кайсы мамлекеттерге 24 иш сапары менен барыптыр. 2023-жылы 22 жолу чет өлкөгө иш сапар менен чыккан экен. Маалыматтарга караганда 2024-жылдын жай мезгилинде эле Президенттин иш сапарынын географиясына назар салсаңыз, Япония, Кытай, Өзбекстан, Кувейт, Бельгия, Швейцария, Ислам өнүктүрүү банкы, ЖККУ, Европа Биримдиги, БУУ, Түрк мамлекеттеринин уюму, ШКУнун саммитине катышып, тиешелүү мамлекеттик жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жетишиптир.

Июнь айынын башында Япониянын Мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министринин улук вице-министри Киото Цудзи Президент Садыр Жапаров менен жолугушууда туризмди, адам ресурстарын өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого багытталган «Бир айыл, бир продукт» үлгүсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүү ниетин ырастаган. “Борбор Азия+Жапония” диалогу эки мамлекеттин кызматташуусуна өбөлгөлөрдү түзүп жатат.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун 24-25-июнь күндөрү Бельгия Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда өркүндөтүлгөн өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, анда соода жана инвестиция, билим берүү, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү, адам укуктары жана жарандык коом тууралуу пикир алышкан. Ал эми ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын Тышкы иштер, европалык иштер жана соода министри Ян Борча менен жолугушууда Кыргызстанда жашыл экономиканы, тоо проблемаларын жана климаттын өзгөрүшүн өнүктүрүү боюнча демилгелерин колдоого даяр экенин билдирген.

Президенттик бийликке келгенден берки төрт жылдын аралыгында Садыр Жапаров ар бир ишке маани берүү менен иштин үстүнөн чыгууга болгон далалаты эл аралык жемиштүү алаканы жандандырууга шарт түзүүдө. Чечкиндүү кадам менен дипломатиялык кыраакылык өлкөгө инвестиция тартууга, элибиздин жашоо-шартын оңдоого багытталууда. Кыргызстан акыркы жылдарда дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн башын бириктирген саммиттерди өткөрүп, эл аралык маанидеги долбоорлордун демилгечиси болуп калууда. Кошуна өлкөлөр – Казакстан, Өзбекстан менен биргеликте “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушун колго алуу аймакта ынтымак-ырашкерчиликти арттыруунун үлгүсү десек болот. Садыр Жапаровдун Президенттик тактыдагы төрт жылы мурункулардын катасын оңдогон, элдин биримдигин чыңдаган, аларга үмүт берген идеяларды ишке ашыруу менен өттү.

Шекербек Калыков

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!