"Эркин-Тоо"

Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Замир Молдошев дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев 69 жашында каза болгонун мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Генерал-майор аскердик жолун 1971-жылы баштап, взводдун командиринен чек ара бөлүмүнүн төрагасына чейин командалык кызматтарды басып өткөн.

Некрологдо ал тажик-афган мамлекеттик чек арасында кызмат өтөгөн тынчтык орнотуу батальонунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгону айтылат.

1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында жеке эрдиги жана чебер жетекчилиги үчүн Замир Молдошев «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Чек ара кызматы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.