"Эркин-Тоо"

ЧЕК АРА МАКАМЫН АЛГАН АЙЫЛДАР КӨБӨЙДҮ

Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө чек ара макамы берилген айылдардын саны 105ке көбөйгөнүн билдирди. Жаңы тизмеге Ош жана Баткен облусундагы бир катар айылдар киргизилген. Бирок кайсы айылдар экени айтылган жок. Буга чейин Баткен облусу боюнча 62 айыл чек ара макамын алган. Аларга бир катар жеңилдиктер берилип келген. Чек ара макамын жаңы эле алган айылдарга да мыйзам боюнча каралган жеңилдиктер, артыкчылыктар да берилет.