Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын премьер-министрлери — Адылбек Касымалиев, Абдулла Арипов, Кохир Расулзода бүгүн, 8-январда үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде жолугушту.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, жолугушуу үч өлкөнүн президенттеринин чек арага байланышкан макулдашууларынан улам өттү.
Андан тышкары соода, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар, чек ара жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да талкууланды. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо процесси аяктаганы сөз болду.
“Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арасы тууралуу 2024-жылдын 4-декабрындагы макулдашууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган аймактарын сыпаттоо толук бүткөрүлгөнү абдан маанилүү экени, эми жумушчу топтор жыйынтыктоочу документтерди даярдоону тез арада иштеп чыгуусу керектиги белгиленди”, — деп айтылат маалыматта.