Баткен ОИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Мурат Боронов Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнө жана Максат айылдык милиция пунктуна «Нива» үлгүсүндөгү 2, ал эми Баткен РИИБге «Хонда» үлгүсүндөгү 1 кызматтык унааларды тапшырды.

Маалым болгондой, Баткен ОИИБдин жетекчиси Мурат Боронов чек ара тилкелеринде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери менен жолугуп, куралдуу кагылышууда жабыркаган милициянын имараттарын тез аранын ичинде калыбына келтирүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берген. Эске салсак, 30-апрель күнү чек ара тилкелеринде тажиктердин куралдуу кол салууларынын жыйынтыгында, Кулуңду айыл аймагындагы Максат айылдык милиция пунктунун имараты толугу менен өрттөнүп кеткен. Ал эми, Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмү талкаланган.
