"Эркин-Тоо"

Чек аралар такталып жатат

Тажикстандын Согдий облусунун Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн чек араларынын делиматиция жана демаркация маселелери талкууланды. Талкууда калган чек ара тилкелери өтө турган чектерди аныктоо маселелеси каралды. Делегация башчылары жумушчу топторго тапшырма берип, мындан ары бул багытта иш уланары сүйлөшүлдү.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!