"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Чек араны коргоодо курман болгон жоокерлерге арналып айкел тургузулду

Президент Садыр Жапаров 28-май күнү «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде мамлекеттик чек араны коргоодо курман болгон жоокерлерге арналган айкелдин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Азем эстеликтин жабуусу алынгандан кийин Мамлекеттик гимндин аткарылышы менен башталды. Андан соң курман болгондор бир мүнөт үнсүз туруу менен эскерилип, үч жолу ок атылды.

Президент баатырлардын элесине арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюп, куран окулду.

Аземдин аягында мамлекет башчысы баатырлардын туугандары менен баарлашып, курман болгон жоокерлердин эрдиги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталарын баса белгиледи.