Акын, котормочу Алтынай Темирова Латын Америкасынын Медельин шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк поэзия фестивалына катышып келди. Ага дүйнөнүн 5 континентинен ар кандай курактагы, ар кандай көз караштагы, чыгармачыл дараметтеги 60 акын катышты. Ал Бүткүл дүйнөлүк поэзия кыймылынын улуттук координатору. Борбор Азия аймагынан барган жалгыз катышуучу болуп калды. Акын менен дүйнөлүк поэзия фестивалынан алган таасирлери тууралуу маектештик.
— Алтынай айым, Колумбияда өткөн дүйнөлүк поэзия фестивалына кантип барып калдыңыз? Кайсы өлкөлөрдөн делегаттар келди?
— Дүйнөлүк поэзия фестивалы биринчи жолу уюшулуп жатыптыр. Дүйнөнүн беш континентиндеги эл аралык чоң фестивалдардын жетекчилери 2011-жылы чогулуп, Дүйнөлүк фестивал кылып уюштурган экен. Ошондон бери даярдык иштерин жүргүзүп, быйыл биринчи жолу беш континенттин акындарын чакырып Дүйнөлүк поэзия фестивалын өткөрүштү. Ар бир континенттен 10-15тен акындар чакырылган, ошондо 120 өлкөдөн 60 акын барды. Колумбия мамлекети фестивалга катышкан акындардын жол киресин, жатаканасын, тамак-ашын, кыскасы бардык чыгымдарын төлөп берди. Колумбия 2011-жылдан бери адегенде өздөрүндө акындардын, студенттердин поэзия фестивалын уюштура баштаган. Жаштарды котормочулукка окутуп, даярдашыптыр. Анткени, чакырылган акындардын чыгармаларын испан тилине которуш керек.
— Орто Азиядан кимдер барды?
— Орто Азиядан жалгыз эле мен бардым. Аны Колумбияга баргандан кийин билдим. Казакстан, Өзбекстандан акындар барат болуш керек деп ойлогомун. Бирок, эч ким барбаптыр. Аларды чакырбаптыр. Россиядан бирөө барды.
-Эл аралык эки-үч фестиваль болгон турбайбы. Канча күнгө созулду?
-Биринчи Колумбияда 10 күн Дүйнөлүк поэзия фестивалы болду. Ага удаа эле 33-эл аралык Медельин поэзия фестивалы болуп өттү. Бул фестиваль мурдатан өтүп келе жаткан фестиваль экен. Бизди тайпаларга (группага) бөлүп коюптур. Акындардын бир тобу шаардык китепканага, бир тобу театрга, музейге, концерттик залдарга бөлүнүптүр. Мен ар кайсы өлкөлөрдөн келген акындар менен бир күнү университетте, бир күнү китепканада чыгып сүйлөп, ырларымды окудум. Экинчи күнү Симон Боливар атындагы театрда поэзия кечеси болду. Шаардын бүт жеринде эле Боливардын эстеликтери турат. Аны кудайындай эле көрүшөт экен. Анткени, Симон Боливар латын Америкасын испандардын эзүүсүнөн куткарган аскер кол башчы болуптур. Ал өзү испан болгондугуна карабастан, жергиликтүү элди колдоп, испандардын колониясына каршы чыгып, азаттык алып келген киши. Театрдын артисттери фестивалдын ачылышында Боливардын турмуш жолун чагылдырган сахналаштырылган оюн көрсөтүштү. Адегенде эле Боливардын апасы колуна жашылча жемиш салынган себетти көтөрүп “менин тентек уулум каякта жүрөт? Курсагы ачып калды го” деп сүйлөп чыгат. Андан кийин Боливардын алгачкы көз карандысыз өкмөттү түзүп, тууларды илип жатканы, соңунан Боливар өзү генералдык формасын кийип алып тосуп чыкты. Ошол Боливар атындагы театрда ыр окудук.
— Алтынай айым, сиз дүйнөлүк поэзия фестивалына катышып келдиңиз. Азыркы поэзиянын эң башкы темасы кайсы экенин биле алдыңызбы?
-Менин оюмча бүт дүйнөдөгү абал бирдей эле көрүнөт. Аларда деле биздегидей саман-топону аралашып кеткен, массалык маданият каптаган учур экен. Согуш, пандемия, жакырчылык, климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелер. Дүйнөнүн айрым бир өлкөлөрүндө гана поэзияга жакшы көңүл бурулат экен. Биз барган Колумбияда поэзияга арналган мамлекеттик жогорку деңгээлдеги бүткүл дүйнөлүк фестиваль болуп өттү. Дүйнөнүн 120 өлкөсүнөн чакырылган акындардын бардык чыгымдарын мамлекет төлөп берген. Бул деген жакшы жөрөлгө эмеспи. Мындан сырткары алардын өздөрүнүн эл аралык поэзия фестивалы жыл сайын өтүп турат экен.
— Поэзиянын азыркы дүйнөдөгү орду, абалы, анын кандай багытта өсүүсү тууралуу сөз болдубу?
— Ошо поэзияны өстүрүш үчүн ушундай дүйнөлүк фестиваль өткөрүп жатышат. Ар бир акын өз өлкөсүндө башка мамлекеттердеги акындар менен байланышты күчөтүп, котормочулукту колго алып, аны жайылтыш керек. Поэзия мектептерин ачып, биргелешип, дүйнөлүк айдыңга алып чыгалы деп сүйлөштүк. Мен бизде өтүп жаткан акындардын кечелери, китептердин бет ачарлары тууралуу айтып бердим. Бирок, эл аралык, дүйнөлүк деңгээлдеги фестивалдар өтө элек. Биз дагы дүйнөлүк акындардын кыймылы аркылуу акындарыбыздын чыгармаларын дүйнөлүк алкакка алып чыксак болот. Мисалы, Боливар өлкөлөрүнүн союзу деп коюшат экен. Ага Колумбия, Венесуэла, Эквадор, Перу, Панама өлкөлөрү кирет экен.
– Жергиликтүү элдин өздөрүнүн тили жок бекен?
— Түпкү эли индеецтер. Алар апачи, кариб, кечува, кириол, арагува, маялар ж.б көптөгөн уруулардан турат. Булардын жарымы европадан келгендер менен аралашып кетиптир. Жарым-жартылайы сакталып калган. Перудан кадимки индеецтердин өкүлдөрү келди.
— Алардын сырткы келбети, өңү-түсү кандай экен?
— Өңү-түсү кыргыздарга эле окшош. Ал турсун колумбиялыктар да кыргыздарга окшошуп кетет. Европалыктарга кошулуп кеткендери гана башкачараак болбосо, нукура индеецтер кыргыздардын эле өзү. Таң калганым алардын айрым сөздөрү да биздин сөздөргө окшош, үндөш. Бизге тамак берген жерде ак нерсе туруптур. Мен аны сүтпү деп сурасам, жок бул “кумыс” деди. Ичип көрсөм кадимки эле айран. Көрсө алар айранды кумыс деп айтышат экен. Бизде муну айран дейбиз десем, Түркиядан барган бир акын аял бизде да айран дейт деп калды. Биздегидей кичинекей калама нан жасашат экен. Атын сурасам “арфа” дейт, мага арпа нан дегендей эле угулду. Жеп көрсөм даамы бир аз башкачараак. Нандын эки түрү бар, бири ак, бири сары. Сарысы кадимки эле жүгөрү нан экен. Көргөзмөгө алып барышты. Барсак алар жалаң индеецтер экен. Биздеги майда айнек шурулардан эле түрдүү, көз жоосун алган кооз буюмдарды жасашыптыр. Ошол жерден кыргыздардын эски сандыгын көрүп калып бир топко кете албай айланып жүрдүм.
— Табияты кандай экен?
— Биз жайында бардык. Айлана тим эле жаздагыдай жапжашыл болуп кулпуруп туруптур. Ал жерде күн сайын бир маал жамгыр жаап өткөнүн байкадым. Биздегидей, жаз, жай, кыш, күз деген болбойт. Жыл бою жай болуп турат экен.