Футболдон Чемпиондор лигасынын быйылкы жылкы финалы 29-майда Стамбулда өтөт. Бул тууралуу Европа футбол ассоциациялар уюмунун (УЕФА) басма сөз кызматы атайын билдирүү таратты. Анткени, былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу Стамбулда финалдык оюн өткөн эмес. УЕФАнын чечимине ылайык чечүүчү оюндар Португалияда өткөн. Быйылкы финал Стамбулда өтөөрү чечилди. Чемпиондор лигасында кечээ күнү жарым финалга чыккан командалар аныкталды. Алар:
ПСЖ (Франция) – Манчестер Сити (Англия), Реал (Мадрид) – Челси (Англия).
Жарым финалдык оюндар 26-27-апрелге белгиленген. Жооптуу оюндар 4-5-майда өтөт. Өз талаасында жана конокто өткөн эки оюндун жыйынтыгы боюнча уткан командалар 29-майда финалда Стамбулда жолугушат.