"Эркин-Тоо"

Чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу эскертилди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы чет өлкөлүк номерлүү унааларды айдап жүргөн жарандарга унааларын эртерээк мыйзамдаштырууну эскертти.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү массалык текшерүүлөр жүргүзүлмөкчү.

Жол инспекторлору Абхазия, Армения сыяктуу мамлекеттерден келген номери бар унаалардын айдоочуларына кайрылып, мыйзам талаптарын сактоо жана текшерүүлөр башталганга чейин документтерди иретке келтирүү зарылдыгын билдирди.