"Эркин-Тоо"

Чет өлкөлүктөр бизде окуп, иштеп жатканына сыймыктанышыбыз керек

17-май күнү кечинде социалдык түйүндөрдө бир нече адамдын мушташы тартылган тасма тарап, айрым интернет колдонуучулар сабалган балдар кыргыз жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон көп өтпөй 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, кырдаал бир топ курчуду.

Милиция мушташка жооптуу делген үч чет элдик жаранды кармаганы кабарлап, алардын кечирим сураган тасмасын жарыялады. Бирок, ага карабай нааразылык күчөп кетти. Түн ортологондо көчөгө чыккандардын саны арбыды. Жаалданган топтор чет элдик мигранттар жашаган жатакананын эшик-терезесин талкалап, айрым жерлерде алдынан чыккандарын ур-соккуга алганы айтылды. Көчөгө чыккандар чет элдиктерге көзөмөлдү күчөтүүнү жана алардын мыйзам бузгандарынын жоопкерчилигин кароону талап кылышты. Шаардык милициянын бүт курамы күчөтүлгөн режимге өтүп, башаламандыкты басууга жетишти.

Ички иштер министрлиги түн ичинде калаада чогулгандардын саны 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирди. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги түнкү окуяда 29 адам жараат алганын, 15 адам Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилгенин, тийиштүү жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте катталган окуяларга байланыштуу видео кайрылуу таратып, окуя боюнча маалымат берди.

“Келген мигранттардын көбөйүп кеткенине байланыштуу биз дагы өз чараларыбызды көрүп келгенбиз. Апрель айынын башында Президент Садыр Нургожоевичтин жеке тапшырмасы менен мамлекетибиздин ичинде мыйзамсыз жүргөн мигранттардын жоопкерчилиги кароо боюнча жумуштар активдүү жүргүзүлгөн. Азыр да уланып жатат. Күнүнө жок дегенде 20-30дан, же 50дөн мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктап чыгып, аларды мамлекеттен чыгаруу аракеттерин көрүп жатабыз. Расмий статистикаларга таянсак, чет элдиктердин ичинде мыйзам бузууга баргандардын көбү Пакистандын жана Бангладештин жарандары болуп чыгууда. Мунун ичинен Пакистандан келген 1,5 миңдей адамды, Бангладештен келген миңдей адамды өз өлкөлөрүнө кайтардык. Бирок ошол эле маалда бүгүнкү күндө мыйзамды бузуп, мамлекетибиздин ичинде жүргөн 5 миңге жакын чет элдик мигрант бар. Ошондуктан, бүгүндөн тартып аларга чара көрүү жумуштарын дагы да күчтөнтөбүз. Мына ушунун фонунда кечээ чогулган адамдардын талаптары орундуу деп эсептейбиз, бирок ошол эле маалда коомдук тартипти бузуу же мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтирүү маселелери чыкса, анда аларга чаралар көрүлөт. Кечээ мамлекеттик органдар тараптан аларга эч кандай чара көрүлгөн жок жана күч колдонулган жок. Алардын ичинде жаман аракеттерге бара турган ойлору болгон жок. Бирок арасында чагымчылар да болгонун билебиз, аларды тактап бүттүк. Ичинде курал менен жүргөндөрү да болду, аларды кармадык. Бул жарандарды жоопко тартабыз”, – деди Камчыбек Ташиев.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголгонун, иликтөө иштерин жүргүзүлүп жатканын маалымдап, болуп өткөн окуянын хронологиясын жарыялады.

Расмий маалыматка ылайык, 13-майга караган түнкү 02.00дө Бишкек шаарынын Восток-5 кичирайонунда жайгашкан пиццериянын жанында азият түспөлүндөгү белгисиз адамдар тобу чет элдик студенттерди тосуп алып, аларга тийишип тамеки сурап, “эмне үчүн бул жерде тамеки чегип жатасыңар” деп коркута баштаган. Бирөө кол көтөрө баштаганда чет өлкөлүк жарандар качып кетишкен. Алар Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатаканага жетүүгө үлгүрүшкөн. Милиция билдиргендей, белгисиз адамдардын тобу чет элдик жарандардын артынан кубалап, жатаканага кирип барып, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга күч колдонуп, акчасын жана буюмдарын тартып алышкан. Алар ар кайсыл бөлмөлөрдүн эшиктерин тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Бул окуяга байланыштуу төрт чет өлкөлүк кармалып, жатаканадагы чет элдиктерге кол салган төрт адамдын экөөнүн тек-жайы аныкталган. Алар 2006-жылы туулган Мукаев Нурсултан Жолдошбекович менен 2005-жылы туулган Шерматов Тилек Сардарбекович.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан эл аралык университетинин медицина факультетинин жатаканасына барып, болгон окуяларга байланыштуу пакистандык студенттер менен мугалимдерден кечирим сурады.

“Кээ бир адамдардын бул аракеттери биздин меймандостук маданиятка жана салтка эч кандай тиешеси жок. Элибиз эзелтеден бери алыстан келген конокторго өзгөчө урмат-сый, камкордук менен мамиле кылып келген. Биз аларды “мусапыр” деп атайбыз. Урду тилинде да ушундай сөз бар экенин билем жана бул биздин элдерибиздин жакындыгынын көрсөткүчү. Биздин өлкөдө чет өлкөлүк студенттерге зор тилектештик менен мамиле кылынат, алар элдердин ортосундагы достукту бекемдөө үчүн көпүрө болуп саналат. Албетте, социалдык тармактарда көптөгөн жалган маалыматтар бар экенин түшүнөбүз. Сиздердин ата-энеңиздер, жакындарыңыздар Кыргызстанда жашоо коопсуз экенин билиши керек, сиздердин бакубат жашооңуздар үчүн толук жоопкерчилик бийликте” — деген Э.Байсалов окуянын күнөөкөрлөрү аныкталып, жазалана турганын кошумчалады.

Ачыгын айтышыбыз керек, болгон окуя өлкөбүзгө аброй алып келген жок. Биздин өлкөгө көлөкө түшүрүүчү тасмалар тарап, ага шилтеме жасалган маалыматтар айтылып, жаман жагыбыз таанылдык. Аталган окуядан кийин Кыргызстан эл аралык университетинен 1200дөй пакистандык студент мекенине кайтууга мажбур болду. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе болгонун моюнга алып, андан жыйынтык чыгарышыбыз зарыл. Чет өлкөлүктөр биздеги билимди баалап-барктап, алыстан келип окуп жана иштеп жатканы биз үчүн сыймык болушу керек. Алардын тээ алыстан келип окуганы жана иштегени биздин өнүгүшүбүзгө өтө чоң өбөлгө түзөт. Төлөгөн салыктан биздин экономикага миллиарддаган киреше түшүп жатат. Демек, ар бирибиз сабырдуу болуп, ниети бузуктардын ар кандай азгырыктарына алдырбайлы.

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ