Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында чет өлкөлөрдө жашаган жана жүргөн жарандар үчүн 71 шайлоо тилкеси түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилди.
БШКнын маалыматына ылайык, учурда бардык шайлоо тилкелеринин даректери белгиленип, жарандар өздөрүнө эң жакын жайгашкан тилкени тандап, анын дареги тууралуу так маалымат ала алышат.
Шайлоо тилкелери төмөнкү өлкөлөрдө ачылды:
Россия – 22;
Түркия – 8;
АКШ – 6;
Корея Республикасы – 3;
Казакстан – 2;
Италия – 2;
Германия – 2;
Кытай – 2;
Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) – 2.
Мындан тышкары, төмөнкү өлкөлөрдүн ар биринде бирден шайлоо тилкеси уюштурулду:
Сауд Аравиясы, Австрия, Чехия, Словакия, Өзбекстан, Улуу Британия, Беларусь, Венгрия, Бельгия, Франция, Кувейт, Япония, Катар, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Швейцария, Малайзия, Пакистан, Индия, Иран жана Монголия.
БШК белгилегендей, шайлоочулар атайын түзүлгөн шилтеме аркылуу өз өлкөсүн жана шаарын тандап, шайлоо тилкесинин дареги жана жайгашкан жери тууралуу толук маалымат ала алышат.

