Чет элдик номерлүү автоунааларды легалдаштыруунун акыркы мөөнөтү белгиленди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, чет өлкөлүк каттоо белгилери менен жүргөн транспорт каражаттарын легалдаштыруу процессин жыйынтыктоо, алардын укуктук макамын тактоо жана мыйзамсыз пайдалануунун алдын алуу максатында кошумча жана акыркы мүмкүнчүлүк берилет.
Жарлыкка ылайык, легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн автоунаалардын ээлери 2026-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү аракеттердин бирин аткара алышат:
- транспорт каражатын кошумча (акыркы) легалдаштыруу жол-жобосунан өткөрүү;
- автоунааны Кыргызстандын аймагынан тышкары алып чыгып кетүү;
- запастык бөлүктөргө сатуу;
- белгиленген тартипте утилдештирүү.
Ошол эле учурда легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү 2024-жылдын 31-декабрына чейин өлкөгө киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн транспорт каражаттарына гана тиешелүү болору белгиленди.
Жарлыкта кошумча легалдаштыруу бир жолку жана акыркы чара экени көрсөтүлгөн. 2026-жылдын 1-сентябрынан кийин легалдаштырылбаган транспорт каражаттарын өлкө аймагында пайдаланууга тыюу салынат.
Эгерде автоунаа ээлери белгиленген мөөнөттө талаптарды аткарбаса, мындай транспорт каражаттары соттун чечими менен адистештирилген токтотуу жайларына коюлуп, кийин утилдештирилиши мүмкүн.
Министрлер Кабинетине 30 күндүн ичинде легалдаштыруунун кошумча тартибин жана транспорт каражаттарын утилдештирүү механизмин иштеп чыгуу тапшырылды.
Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги атайын токтотуу жайларындагы мындай автоунаалар үчүн жеңилдетилген тарифти — суткасына 50 сом өлчөмүндө белгилейт.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.