"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси ачылат

Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосунда чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктардын добуш бере алышы үчүн 34 мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу шайлоону уюштурууга арналган жыйында маалымдалды.

Жыйында чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде техникалык жабдууларды текшерүү жана кызматкерлерди окутуу иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Ошондой эле эл аралык байкоочуларды чакыруу жана алардын катышуусун камсыз кылуу аракеттери көрүлүп жаткандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.