14–15-июнь күндөрү “Газпром” спорт комплексинде чир спорту боюнча республикалык чемпионат болуп өттү. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор катышып, жуптук, тайпалык жана жекелик номерлерди аткарышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция тарабынан дипломдор жана медалдар тапшырылды.
Ошондой эле чемпионаттын алкагында чир спорту боюнча Азия чемпионаты, “Kyrgyzstan Open 2025” жана эл аралык мелдештер уюштурулду. Ага Казакстан, Өзбекстан, Швеция жана Орусиядан келген спортчулар катышты.
Маалымат үчүн: Чир спорту акробатика, гимнастиканын элементтерин камтыган спорттун түрү.