"Эркин-Тоо"

ЧОҢ СЫНООНУН ҮЗҮРҮ…

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жапаров Акылбек Үсөнбекович

Өткөн эки жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң сыноону башынан кечирген мезгил болду. Анткени, айлык акынын аздыгы коштогон социалдык чыңалуулар, саясий тирешүүлөр, “көкөйгө көк таштай тийген” чечилбеген чек ара маселеси, 4,7 млрд долларды түзгөн ички жана тышкы карыз, өнтөлөгөн араң жан өнөр жайы, дүйнөлүк экономикалык кризис, санкциялар, пандемиялык кырдаал, айтор, “Кайда барба, Мамайдын көрү” болуп турган шартта бийликке келген Президент Садыр Жапаровдун командасы эл аралык донор уюмдардын, караламан калктын алдындагы мамлекеттин социалдык, кредиттик милдеттенмесин убагында аткарууга жетишкенин баса белгилейли. Тажик тараптан күтүүсүз эки жолу чек арадан куралдуу кол салуулардын кесепети нечендеген эр азаматтарыбыздын өмүрүн алып, айыл-кыштактардагы турак жайлар, социалдык объектилер, инфратүзүмдөр талкаланды. Жергиликтүү тургундар куттуу коломтосун таштап, көчүүгө аргасыз болду. Бул бир жагынан элибиз үчүн кайгы болсо, экинчи жагынан кошумча чыгымга дуушар кылды. Мына ушундай объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясынын (ИДП) абалы боюнча бир нече эл аралык институттар пессимисттик көз карашты карманып келишти. 2022-жыл ичинде ИДПнын көлөмү боюнча Дүйнөлүк банк – 5 пайызга, Moody’s – 1%га кыскарат деген божомолун айтышкан. МВФ – ИДП 0,9%га өсөт десе, Евразия өнүктүрүү банкы 1,1%га гана өсөт деп болжошкон.

Кыргыз бийлиги эл аралык каржы институттарынын божомолун четке кагып, өлкөдө туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга жетишти. 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 7%ды түздү. Бул ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдүн ичиндеги эң жогорку көрсөткүч экенин айта кетели. Өзгөчө баса белгилей турган жагдай, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) киргенден бери биринчи жолу биримдикке мүчө мамлекеттерден алгандан ашкан импорттук бажы алымдарын которду. Демек, бажы кызматындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюла баштады. Мына ушунун өзү биримдиктин ишенимдүү өнөктөшү катары баалоого болот. Алсак, 2022-жылы Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө 20,1 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн которсо, өлкөнүн бюджетине мүчө мамлекеттерден 16,25 миллиард сом түшкөн.

Туруктуу өнүгүүгө каржылык жактан тирек болгон – “Кумтөр” алтын кенин өлкөнүн карамагына өткөрүп алуу чечими өзүнүн натыйжасын берип жатат. Ошону менен бирге тоо кен тармагы өлкөнүн казынасын толтурууга өзүнүн салымын кошууда. Маселен, тоо-кен тармагынан 2018-жылы 11 млрд сом, 2019-жылы 13 млрд сом түшкөн болсо, 2022-жылы 47-48 млрд сом түшүптүр. Бул көрсөткүч мурдагы бийликтин учуруна салыштырмалуу 3 эсе көп сумманы түзөт. Ал эми Кумтөрдөн Кыргызстанга төлөнгөн дивиденддердин жалпы көлөмү: 2010-2021-жылдары 11 жылда 5,3 млрд сомду (90,8 млн долл.) түзсө, 2022-жылдын 10 айында эле «Кумтөр» кенинен салык, салыктык эмес жана Келишимдерде каралган төлөмдөрдөн 26,5 млрд киреше бериптир. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берүүнүн эсебинен ири кирешелер түшүп жатат. Тоо-кен тармагында иштеген компаниялар таза сууларды колдонгондугу үчүн акча төлөй баштады.

Жогоруда сөз болгондой, дүйнөдөгү экономикалык кризис, санкциялар, пандемиялык кырдаалда Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыккан Антикризистик чаралар планы өлкөдө азыктүлүктүн баасын туруктуу кармап турганга шарт түздү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстарын 404,2 млрд сомдон ашырабыз дегенде айрым депутаттар ишенген эмес эле. Министрлер Кабинети убадасын аткарып, бюджеттик ресурстар 430 млрд сомго жетип, мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият, муниципалдык, аскер кызматкерлеринин, социалдык тармактын, жана башка бюджеттик мекемеде иштеген жарандарыбыздын айлыгы эселеп көтөрүлдү. Фермердыйкандарды жер салыгынан, кирешеси 8 млн сомго чейинки ишкерлерди салыктан бошотконуна жана башка салыктык жактан жеңилдиктер берилгенине карабастан бюджет 2 эсеге көбөйдү. 2020-жылы бюджет 247 млрд сом болуп бекитилген.

Кыргызстанда бюджеттин эсебинен заманбап аскердик атайын техникаларды сатып алып, коргонуу тармагынын материалдыктехникалык базаны чыңдап жатат. Турак жайлар курулууда.

Өлкөдө мамлекеттик бюджеттин эсебинен ири жана кичи-ГЭСтер, Бишкек – Кочкор – Кара-Кече темир жолу курулуп жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери алгачкылардын болуп ата мекендик ишканалар тарабынан Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу оңдолууда. Бул долбоорго «Кумтөр» ишканасы каржылык колдоо көрсөтүүдө.

Алты айдын аралыгында бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында 15 мектеп, 1 бала бакча курулуп, ишке берилди. Ипотекалык турак жайлардын курулушу күч алууда. Мына ушунун өзү өлкөдө акчакредиттик саясатты туура пайдалануунун натыйжасы.

Быйылкы жылы республикалык бюджет 500 миллиард сом өлчөмүндө бекитилди. Мамлекет каржылык булактарды көбөйтүүнүн жолун таап, ири долбоорлорду колдоого каражат жумшоого кызыкдар. Президент Садыр Жапаровдун “Жашыл экономика” саясаты дүйнөлүк коомчулук колдоп, ипотекалык кредит берүү жаатында ушул багытта Германия менен иштер жүрө баштады.

Азыр деле дүйнөдө экономикалык кырдаал туруктуу эмес. Албетте, мындай көрүнүш Кыргызстанга терс таасирин тийгизиши белгилүү. Канткен менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун пландуу ишчаралары жемишин берип жатат.

Шекербек КАЛЫКОВ
«Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 27-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!