«Кыргызстан аэропорттору» ААКтын башчысы Манасбек Самидинов маалымдагандай, «Каракол» эл аралык аэропортунда чоң учактарды кабыл алууга даярдык көрүлүүдө.
Учурда аэропорттун учуп-конуу тилкесин узартуу боюнча иштер жүрүп жатат. Тилкенин узундугу 2450 метр болуп, Dash 8 Q400, RJ85 сыяктуу белгилүү класстагы жана чакан бизнес-учактарды тейлей алат.
Жакын арада курулуш бүтүп, тилке 1300 метрге узартылып, жалпы узундугу 3750 метрге жетет. Бул кеңейтүү оор жүк ташуучу учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

