"Эркин-Тоо"

Чочконун ДНКсы боюнча терс жыйынтык чыккан

«Тойбосс» соода маркасынын колбасалары текшерүүдөн өттү. Эске салсак, Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Кыргызстандан экспорттолгон колбасанын курамында соя жана чочконун ДНКсы аныкталганын билдирген. Бирок аны өндүргөн «Тойбосс» компаниясы маалыматты четке каккан. Айыл чарба министрлиги  бул чуулгандуу окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөндүгүн билдирди.   Маалыматка таянсак, жалпысынан 57 үлгү Бишкек шаарынын Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна, Россиянын Иркутск аймактар аралык ветеринардык лабораториясына, Казакстандын «Эркин Талгам» ЖЧКсынын Сыноо лабораториясына жөнөтүлүп,  алардын бардыгы чочко ДНКсы боюнча терс жыйынтыкты көрсөткөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!