"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Чолпон-Ата шаарында жаңы эс алуу паркы курулуп жатат

Чолпон-Ата шаарында шаар тургундары жана коноктор үчүн жаңы парк курула баштады. Бул тууралуу шаар мэри Рустам Кадыркулов билдирди.

Мэрдин айтымында, эс алуу жайы шаардык ооруканага жакын жерде жайгашып, жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, объектти декабрдын ортосуна чейин пайдаланууга берүү пландалууда.