"Эркин-Тоо"

Чолпон-Атада Борбор Азия жаштар форуму башталды

Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” комплексинде Борбор Азия жаштар форуму расмий ачылды. Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун башталышында Манастан үзүндү айтылып, андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматов тууралуу видео тасма тартууланды.

Форумдун ишине Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Форум 12-августка чейин уланат.

Иш-чаранын максаты – жаштардын жана жалпы эле коомдун өнүгүүсүнө шарт түзгөн жаратман идея, тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналат.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!