10-11-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Борбор Азия жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Иш-чаранын максаты – жаштардын жана коомдун өнүгүүсүнө шарт түзгөн жаратман идея, тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналат.