УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык конференцияда жаңы мүмкүнчүлүк менен катар жаңы тобокелдиктерди жана коркунучтарды пайда кылган тез технологиялык өнүгүүлөр тууралуу маалымат берди.
Камчыбек Ташиевдин айтымында, киберкоркунучтар татаалдашып, алардын кесепеттери мамлекеттик түзүмдөргө, экономикага, саламаттыкты сактоого, энергетикага жана башка маанилүү тармактарга олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Андыктан Кыргызстан киберкоопсуздукту камсыздоо үчүн олуттуу финансылык ресурстарды бөлүп, заманбап жабдыктарды, программалык камсыздоону жана мамлекеттик кызматкерлердин адистигин жогорулатууга басым жасап жатканын белгиледи.
«Киберкоопсуздук жаатында кесипкөйлөр коому катары бул коркунучтарга натыйжалуу түрдө каршы туруу жана санарип активдерди ишенимдүү коргоону камсыздоо үчүн биргелешип иштешибиз керек», – деди Ташиев.
2024-жылы кабыл алынган «Киберкоопсуздук жөнүндө» мыйзамдын алкагында санариптик криминалистика лабораториясы жана кибер жаңжалдарга ыкчам чара көрүү борбору түзүлүп, ушул жылга чейин 5 миллионго жакын киберчабуул катталып, алардын 71%ы ийгиликтүү жок кылынып, 29%ы локалдуу түрдө азайган.
Белгилей кетсек, аталган конференция Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) тарабынан уюштурулду.