Чолпон-Ата шаарында Курулушта сертификаттоонун республикалык борборуна караштуу сыноо лабораториясы ишке кирди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.
Министрликтин айтымында, өлкөдө курулуш иштеринин көлөмү жылдан-жылга өсүп жаткандыктан, объектилердин сапатына болгон талап күч алууда. Бул маселени жеринен ыкчам чечүү, көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында Ысык-Көл облусунда атайын лаборатория ачылды.
Жаңы борбор заманбап жабдуулар менен камсыздалып, адистер үчүн бардык шарттар түзүлүп, көчмө сыноо лабораториясы да каралды. Алардын аркасында облустагы курулуш иштеринде сапатты текшерүү ыкчам жана так жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

