"Эркин-Тоо"

Чолпон-Атада  кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү

Бүгүн, 16-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны болуп өттү.

Жыйын Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду.

Жыйында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды.

Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан ар тараптуу кызматташууларын тереңдетүүгө бизнес чөйрөсү, эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталары, ишкерлер кеңеши, кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду сыяктуу бир катар тармактар маанилүү роль ойноорун белгиледи.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө маданий-гуманитардык, билим-илим тармактарындагы кызматташууну жогорулатуу белгиленди.

Анда быйылкы жылы биргелешкен маданий иш-чараларды, тагыраагы ноябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын майрамдоо пландаштырылууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду.

Пример HTML-страницы