"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Чолпон-Атада кыргыз-герман бизнес-форуму жана Ишкерлер кеңешинин жыйыны өттү

Чолпон-Ата шаарында «Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү» аталышындагы кыргыз-герман бизнес-форуму жана Ишкерлер кеңешинин төртүнчү жыйыны болуп өттү. Иш-чарага экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышты.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, форум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жеке сектордун лидерлерин жана эки өлкөнүн бизнес-ассоциацияларын бириктирген маанилүү диалогдук платформага айланды.

Форумдун алкагында төмөнкү темаларды камтыган панелдик сессиялар уюштурулду:

  • экспорттук потенциалды кеңейтүү;

  • ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү;

  • биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу;

  • жаңы экономикалык багыттарды илгерилетүү.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин жогорку деңгээлде экенин дагы бир ирет ырастап, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого болгон өз ара кызыкчылыкты жана активдүү кызматташууну тастыктады.