18-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында белгилүү музыка аткаруучулардын «Мейкин Азия» III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багыт алып, келечекте музыка аткаруучулардын башын бириктирген ири аянтчага айланат.
Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары, ошондой эле Казакстан, Түркия, Орусия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген эстрада жылдыздары көл жээгинде улуттук жана дүйнөлүк ырларды тартуулайт.
Эл аралык Ысык-Көл фестивалынын максаты — маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо, таланттуу жаш аткаруучуларды колдоо жана Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.