"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Чолпон-Атада VII кыргыз-орус экономикалык форуму башталды

Чолпон-Ата шаарында VII кыргыз-орус экономикалык форумунун ачылышы өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин куттуктоо сөздөрү окулду.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев форумдун катышуучуларына кайрылып, бул иш-чара тажрыйба алмашууга, кызматташууну чыңдоого жана бизнес менен мамлекеттик органдардын байланыштарын бекемдөөгө чоң жардам бере турганын белгиледи.

Данияр Амангелдиев санариптик программалар, мисалы, «Санарип Кыргызстан» жана «Startup Кыргызстан», Жогорку технологиялар паркындагы жетишкендиктер тууралуу айтып, парктагы 477 компания 2024-жылдын аягына чейин 11,4 млрд сом киреше тапканын билдирди.

Ошондой эле ал мамлекеттик кызматтарда «Е-Кызмат» долбоору менен санариптик кызматтарды колдонуу, туристтик багытты өнүктүрүү жана жыл бою иштей турган тоо курортторун куруу боюнча пландар тууралуу маалымат берди.

«Форумдун Ысык-Көлдүн кооз жээгинде өткөрүлүшү өлкөбүздүн туристтик потенциалын толук көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана бул келечектүү тармакка жаңы инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт деген ишеничтемин», — деп сөзүн жыйынтыктады Данияр Амангелдиев.