"Эркин-Тоо"
Маданият

Чолпон-Атага «ШКУнун туристтик жана маданий борбору – 2025-2026» макамы ыйгарылат

2025-жылдын 7-июлунда Кытайдын Циндао шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйынында Чолпон-Ата шаарына “ШКУнун туристтик жана маданий борбору – 2025-2026” макамын берүү чечимин кабыл алуу макулдашылды.

Жыйында маданият жана искусство багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланып, 2007-жылы Бишкекте кабыл алынган ШКУ мамлекеттеринин маданият жаатындагы макулдашуусунун аткарылышы каралды.

Кыргызстандын атынан жыйынга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, тараптардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чара ШКУ аймагындагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.