"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Чолпонбек Абыкеев: “ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ КУРУУ – БУЛ МАТЕРИАЛДЫК ГАНА ЭМЕС, РУХАНИЙ ЖАҢЫЛАНУУ”

— Чолпонбек агай, акыркы жылдары Президент Садыр Нургожоевич Жаңы Кыргызстанды куруу тууралуу көп айтып, ал тургай атайын китеп да чыгарды. Бирок коомчулук бул түшүнүктү терең аңдап кабыл алып бүтө элек сыяктанат. Сиздин оюңузча, “Жаңы Кыргызстан” дегенибиз эмнени түшүндүрөт?

— Чынында бул маселе коомчулукта жетиштүү талкуулана элек. “Жаңы Кыргызстанды куруу” деген ойдун өзөк мааниси эмнени түшүндүрөт? Эгер чын эле келечекте Жаңы Кыргызстан курулса, кандай өлкө болот? Келечектеги Жаңы Кыргызстанды кимибиз кандай элестете алабыз? Деги эле Жаңы Кыргызстанды куруунун зарылчылыгы барбы? Балким “жаңысы” жок эле “эски Кыргызстан” менен деле жашай берсек кантет?” деген сыяктуу толгон суроолорду ар бирибиз өзүбүзгө берип, жооп издеп көрө элекпиз. Демейде кычаштык издеп, ар бир сөзгө асылмайы бар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да эмнегедир бул темадан кыйгап өтүп кетишүүдө. Жаңылануу, өзгөрүү – бул оор жана татаал процесс. Мамлекеттин, бүтүн бир коомдун түгүл бир адамдын жашоо образынын өзгөрүшү, жаңы жолго түшүшү, жаңыча ойлоп, жаңыча жашашы канчалаган түмөн түйшүктү, тырышкан эмгекти, чыдамкай эркти талап кылат. Бүтүндөй жашоо образды өзгөрткөндү кой, өзүңө-өзүң “Күн сайын эртең менен саат 6да турам да жеңил машыгуу жасайм” деп убада берип бирок аны аткарууга келгенде моюнуң жар бербей “күндө эртеңкиге” жылдыра бермейиң болот. Ал эми Президенттин “Жаңы Кыргызстанды куруп жатабыз” дегени – бул чоң жоопкерчиликти алып, тобокелге барган чечкиндүүлүк.

— Азыркы абалды кандай баалайт элеңиз? Чындыгында эле жаңы Кыргызстанды куруу процесси күрдөөлдүү жүрүп жатабы?

— Бүгүн Кыргызстанда жолдор, мектептер, ооруканалар, ишканалар, ГЭСтер – ири жана чакан долбоорлор бирдей жүрүп жатат. Бирок маселе бир эле материалдык курулушта эмес. Эң негизги кыйынчылык – коомдун аң-сезимин, руханий дүйнөсүн жаңылоо. Эми иштин жүрүшүнө саресеп салалы. Бүгүн бүткүл Кыргызстандын аймагы курулуш талаасына айланды. Жаңы курулуштар жүрбөгөн бир да район жок. Кыскасы “Кыргызстан” деген үйдүн ичи азан-казан түштү да калды. Демек Президент жөн айтпаптыр. “Жаңы Кыргызстанды” куруу процесси башталганы чын экен. Болуптур, Президент түн уйкудан калып, жан алакетке түшүп иштеп, Жаңы Кыргызстанды куруп баштаптыр. Күркүрөгөн күрдөөлдүү агым башталыптыр. Ушул жүрүштө сиз экөөбүздүн ордубуз кайсыл жерде? Бул суроого ар бирибиз жоопту ойлоно алабызбы? Же “Президент кура берсин, мен четтен карап турайын. Эмне кылаар экен, көрөйүн” деген кайдыгерлик желкебизде минип турабы? Анда Кыргызстан деген мамлекет кимдики? Президент Жаңы Кыргызстанды кимдер үчүн куруп жатат? Анткени Жаңы Кыргызстанды куруунун оор айкашы экономикалык өсүш менен ар бир адамдын, андан өсүп коомдун аң-сезиминин жаңыланууга өткөн жериндеги тирештен кездешет. Экономиканын оңолушу бат экен. Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы көчөдөй жаркыратып, көргөндүн көз кумарын кандырып, алдыңкы өнүккөн чет өлкөлөрдүкүнөн да мыкты кылып куруп коюшка аз убакыт кетет экен. Бирок бир адамдын аң-сезимин, жан дүйнөсүн, пейилин, руханий түшүнүгүн, илимий көз карашын, билимин оңдошко канча убакыт кетээр экен? Бүтүндөй коомду тарбиялашка, жаңыртууга канча убакыт кетээр экен?

Анткени жаңылануу эки бөлүктөн турат. Биринчиси, материалдык жаңылануу, экинчиси, аң-сезимде, пейилде, руханий жан дүйнөдө, билимде жаңылануу. Эгер эле экөөнүн бири туура эмес же начар жүрүп калса анда жаңылануу болбойт. Жаңылануунун “курулушу” толук түрдө акыл-жыйынтыктагы максатына жетпей калат.

— Дегеле жаңылануунун эң оор жагы эмнеде деп ойлойсуз?

— Жаңыланууга өтүүнүн бурулушунда эки оорчулук бар. Биринчиси; бүгүн башыбыздан кечирип жаткан, көзгө көрүнүп, бутка чалынып, ар бирибизге физикалык таасир берген курулуштардын таасири. Оңдолуп жаткан жолдордон, имараттардан жүдөп жатабыз. Мындай оңдоолордон жолдордогу тыгындар да көбөйдү. Көпчүлүк административдик жайлар, ооруканалар, мектептер, маданий жайлар 40-50 жылдап каралбай калгандыктан оңдолушу, жаңыланышы оңой болбой жатат. Мыйзам “Буйлаланган төө болуп”, ким каалаганын кылган, колунан келгендер оюна келген жерге курулуш курган замандагы курулуштардын бузулушу – “снос” оорусу да көйгөй жаратууда. Мыйзам бузуу менен менчиктештирилген нечендеген мүлктөр, имараттар, жерлердин кайра мамлекетке кайтарылышы далайлардын ичинен кан өткөзүүдө. Анткени мыйзам диктатурасынын талабында жашоого үйрөткөн реформа ушундай жүрөт. Экинчи оорчулук; аң-сезимдеги, руханий жан дүйнөдөгү, ар бир адамдын көнгөн адат-мүнөзүндөгү, эс-тутумундагы, илим-билиминдеги, андан өсүп коомдук мамиленин формасын көрсөткөн абалдагы бурулуш. Эң татаал оорчулук ушул экинчисинде. Отуз жылдан ашык убакыт ээнбаш, ээнооз, “оюма келгенди сүйлөсөм, ыгын тапсам эмне иш болсо деле жасай берсем болот, мыйзам бул акча, тааныштык, кызмат таасири дегенге баш ийет” деп көнгөн, ал түгүл илим-билимден да артка кетип, окубай, билим албай диплом сатып алып кызматка орношуп, Жогорку Кеңешке чейин депутат болгон, ушундай мыйзамсыздыкка тарбияланып калган дээрлик бир муунду өзгөртүү жолу жеңил эмес. Жөнөкөй мисал келтирейин. Президент Садыр Нургожоевич Бишкектин айланасындагы деги эле жалпы Кыргызстан боюнча жер басып алгандарга кайрылып; “2021-жылга чейин жер басып алып, үй куруп жашап калгандарга мунапыс кылалы да, мамлекеттик кызыл сызыкта жокторунун баарына документ берели. Эми мындан ары жер басып алмай токтосун. Ким мыйзамсыз үй курса түрттүрүп салабыз. Мыйзам менен жашоого өтөлү” деген. Бүгүн эмне болууда. “Демек үй куруп алсаң акыры мыйзамдаштырып берет тура” деген ой менен, 2022-23-24-жылдары деле документсиз жерлерди билип туруп сатып алып, үй салышып, эми догун артып “Үйүбүздү бузуп жатат. Биз көчөдө калабызбы” дешип ыйлап жүрүшөт. Буга эмне деп айтасың. Бир гана сөз, мыйзамга баш ийбей деле жашаса болот деген көнүмүш адаттан чыга албай келе жаткандыктын ачык мисалы дейсиң.

— Демек, Жаңы Кыргызстанды куруу узак процесс экен да?

— Ооба, бул узак жана оор жол. Экономиканы көтөрүү салыштырмалуу жеңил. Бирок руханий, адеп-ахлактык жана илимий деңгээлди көтөрүү убакытты да, күчтү да көп талап кылат. Болбосо байлыкка жеткен, бирок руханий жактан жакыр өлкөлөрдүн мисалы дүйнөдө толтура.

— Сиз Президенттин айрым кадамдарын коомчулук түшүнө элек деп айттыңыз. Мисал келтирсеңиз?

— Президенттин эң биринчи жарлыгы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө” болду. Бул бекеринен эмес. Демек, ал ишти эң ириде адамдын аң-сезиминен баштоо зарыл экенин көрсөткөн. Ошондой эле “Унгу жол” концепциясы, башка жарлыктар – баары руханий пайдубалды чыңдоого багытталган.

— Жаңы Кыргызстандын пайдубалын кандай элестетсек болот?

— Жаңы Кыргызстан – бул сулуу имараттар, асфальтталган жолдор эле эмес. Бул – илимдүү, билимдүү, руханий дүйнөсү таза, пейили кенен жарандары бар мамлекет. Президент белгилеген үч артыкчылык бар: адамдын ден соолугу, билим алуусу жана укугу. Мына ушул үчөөнү тең салмактуу өнүктүрүү – жаңы коомду түзөт.

— Акырында, сиз коомчулукка кандай кайрылуу жасагыңыз келет?

— Президент жалгыз кура албайт. Жаңы Кыргызстанды ар бирибиздин иш-аракетибиз, аң-сезимибиз менен бирге кура алабыз. “Президент кура берсин, мен четтен карап турам” деген кайдыгерликтен арылышыбыз зарыл. Бул өлкө – биздин өлкө.

 Махабат Саидрахманова