
Он жылдан ашты. Саясий илимдердин кандидаты, күчтүү аналитик Чолпонбек Медеркулович менен кыргыз саясатынын күңгөйтескейин иликтеп-жиликтеп, бул жааттагы көрүнүштөрдү реалдуу жагдайда ынанымдуу пикир аркылуу тизмектеп келдик. Мындай жүрүшү менен каарманым жайнаган “күн карама” серепчилерден ат чабым айырмаланат. Өзгөчөлүгү ушунда.
— Чолпонбек мырза, кыргыз бийлигинин 33 жылдан бери ар жылы Өкмөт башчыны алмаштырган “ит оорусунан” эми арылдык көрүнөбүз. Айтыңызчы, бийликтин мындай кадамы менен саясий стабилдүүлүк орноп, экономикабыз оңолуу жолуна түшөбү?
— Кыргызстанда жыл айланыпайланбай калыптанып калган Өкмөт башчыны “кол жоолуктай” алмаштыра берүү өнөкөт оорусуна чекит коюлганы жакшы жышаан. Бул жогорку саясий жетекчилик үчүн өзгөчө азыркы заман чалкештеп, бир жагынан экономикалык каатчылык өкүм сүрүп, жакадан алып турганда, экинчи жагынан дүйнөлүк геосаясатта “тектоникалык жылыштар” болуп жаткан учурда өкмөттөгү туруктуулук аба менен суудай эле зарылчылык деп эсептейм. Сөзүм кургак болбосу үчүн мисал айтайын. Коңшу Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге карата “улуттук кызыкчылыктарга шайкеш иштеп жатат, чыныгы иш билги лидер” — деп суктанабыз. А ал киши 13 жыл премьер-министр болуп иштеген да. Эмне деген тажрыйба? Бул деген “ал өз өлкөсүн “коён жатагына” чейин алаканга салгандай билет” — деген сөз. Албетте, бизде байкоосуз келген чабал премьерлер деле болгон. Бирок, арасында потенциалдуулары да бар болчу. Болгону саясий оюндардын, саясий кызганычтын курмандыгы болуп кеткендери болгон. Акылбек Үсөнбекович макроэкономика боюнча алдына киши салбаган күчтүү экономист. Ага карата “бул алтынчы Президент менен иштеп жатат” — деп жаман көрүшөт. Саясаттагы “узак жашоо” саясат таанууда феноменалдуу көрүнүш. Бул Кыргызстан үчүн эле эмес, дүйнө саясатчыларында чанда кездешет. Кытай реформатору Ден Сяо Пин, Израил премьери Биньямин Нетаньяху, Малайзиянын лидери Махаткир Махамат, түрк лидери Эрдоган да ошондой саясатчылардын бирине айланып баратат. Акылбек Жапаров өлкөбүздүн каржы жагын иретке келтирип жатат. Казынабыздын киреше бөлүгүн толтуруу боюнча каржы булактардын көзүн ачып жатканы, дал ушул премьердин мезгилинде мамкызматкерлердин маяналары кескин көтөрүлгөнүн танып, соцтармактардагы айрым блогерлердин “жеке антипатиясы”, “жарма таарынычтары” башка жогорку эшалондогу саясий интригалардын акесин тааныткандардын планы менен Министрлер Кабинетинин Башчысын алмаштыра салуу ансыз да кыйын кырдаалды татаалдаштырат деп ойлойм.
— Соңку 2 жылдан берки өлкөдөгү Президенттик башкаруу өзүн канчалык деңгээлде актап жатат деп ойлойсуз?
— Президенттик институттун эффективдүүлүгү өлкө башчысынан жана анын командасынан көз каранды да туурабы? Деги эле бул жашоодо идеалдуу эч нерсе жок! Азыр мурунку Президенттик институтка салыштырмалуу ары жигердүү, ары батыл иштер болуп жатат. Мисалы, Кумтөрдүн мамлекетке өтүшү сыяктуу “саясий чечкиндүүлүккө” буга чейин бир да президент бара алган эмес. Жаңы аскердик техникаларды, куралжарактарды алуу – өлкөнүн аскердик потенциалын көз көрүнөө жогорулатып койду. “Аныгында мындай нерселерди ачыктабаш керек болчу. Канча курал алсак да сыр бойдон калыш керек эле” деген пикирлерге кошулбайм. Азыр заман башка, дүйнөдө маалымат согушу жүрүп жатат. Күчтүү лидер, амалдуу аскер башчы катары тарыхта орду бар Ормон хан бабабыздын “Ормон опузасы” азыр да маанилүү.
— Учурда кыргыз саясатында кырктын ары-бери жагындагы Нуржигит Кадырбеков, Жанар Акаев, Медер Алиев, Марлен Маматалиев, адилеттүүлүктүн жарчысына айланышкан Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков, Жеңиш Молдокматов баштаган тыңчыкмалар кыргыз саясатындагы ондун бирине айланышкан чагы. Мындай топ күлүктөрдүн келечегин сыдыргыдан кандай өткөрөр элеңиз?
— Чоң саясат билимди, интеллектти, чечендикти эле талап кылбастан эрктүүлүктү, чечкиндүүлүктү, керек болсо амалкөйлүктү, оттон, суудан кайра тартпаган кашкөйлүктү да талап кылат. Сен аттарын атаган саясатчылар саясатта өз ордуларын таап келе жатат. Негизи эле жашоо турмуш, саясат оомалтөкмөл, төө өркөчтүү өнүгөт… Саясатта да муун алмашат, бул турмуштун диалектикасы, мыйзам ченемдүүлүгү. Сен ысымдарын атаган жигиттер биздин көз алдыбызда саясатчы катары ар тараптан такшалып, күчүнө кирип келатышат. Мисалы, объективдүү жана субъективдүү факторлордон улам келээрки шайлоолордо Нуржигит Кадырбеков электоратынын көптүгү боюнча Мадумаровду артка калтырышы күтүлөт. Жанар Акаев конъюктурадан алыс болуп, сөз эркиндиги, демократиялык принциптери боюнча туруктуу позицияда келатканы кубандырса, Жеңиш Молдокматов кылычтай курчтугу, өткүрлүгү менен өзүн эрктүү саясатчы катары көрсөттү. Жеңишке, Медер Алиевге, Адил Турдукуловго окшогон саясатчылар саясий оппозициянын туусун татыктуу көтөрүп кетчү саясатчылар деп эсептейм.
— Ким кандай дебесин, бирөөлөргө жагабы-жакпайбы ал жагы башка кеп. Экономикалык кыйын кырдаалда каржы жагыбызга оор сокку тийгизбей, арабаны сазга батырбай тартып жаткан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров экенин жөнөкөй, логикасыз чындык катары бааласак болобу?
— Ооба, ал кишинин премьерлиги өзгөчө татаал учурга туш келди. Андан башка чабалыраак бирөө болсо, “казынабыз тешик, коңшулардын кыянатчылыгы, пандемиядан кийинки кризистер, геосаясий кысымдардын шарттарында жоопкерчиликтен качып, кызматын өткөрүп баса бермек. Акылбек Жапаров антпей, казынанын миң жеринен айрылган жыртык тешигин бүтөп, бүтүндөй мамкызматкерлердин айлыгын көтөрүп, банктык ж.б. кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү кылып, социалдык чыңалууну амортизациялап жатат. Анан калса ал бул кызматка көптөн бери өзүн даярдап, моралдык, психологиялык даярдыгы менен келди. Анын дагы бир өзгөчөлүгү, буга чейин өкмөт башчылыкка келе жаткан премьер-министрлерге парламенттен “программаң кана?” – десең бардыгы бир ооздон “Программабызды эми түзөбүз” – деп алакан жайышчу. Андай өкмөт башчылар программасы же кыйраткан иши жок көп узабай ээрден оодарылып кетишчү. Ал эми аракеттеги Министрлер Кабинетинин Төрагасы өкмөттүн башына келээрде өзүнүн программасын ташка тамга баскандай айтып келди. Бул жагына баарыбыз күбө болдук. Ошол айткан убадасунуштарын четинен кертип аткарып жатат. Бул абдан жакшы көрүнүш.
— Бийликтин кадрдык курамы мамлекет жетекчибизге канчалык деңгээлде аркабел болгонго жарап жатат деп ойлойсуз?
— Кадрдык курам ар кошкон, арасында буга чейинки бардык президенттердин командасындагылар бар. Мамлекеттик машина өз ишин кылып жатат. Чоң саясаттагы (эки Жапаров, Ташиев баштаган) таасирдүү үчилтиктин командасы азырынча ийиндешип иштеп жатат. Айрымдар белгилеп жүргөн тымызын тиреш күч алып ачыкка чыгып кетпегени маанилүү. Өлкө экономикалык оор шарттарды башынан кечирип жатканда интригаларга берилип, саясий кризиске жол берүү өтө кооптуу.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы