КР УИАсынын Саясий изилдөөлөр жана экспертиза борборунун директору, КР УИАсынын мүчө корреспонденти, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Исаевич, Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса, супер президенттик башкарууга жол ачылат деп сын айткандар болууда. Мыйзамдарды жакшы билген адам катары айтсаңыз, долбоордо демократиялык принциптер толугу менен сакталганбы?
Албетте, Конституциянын жаңы долбоорунда демократиялык принциптер толук сакталды десек болот. Себеби, биз бүгүн укуктук мамлекетти курабыз деген таризде соңку отуз жылдан бери Баш мыйзамды кайра-кайра өзгөртүүнүн үстүндө келдик. Мындай аракеттерден улам демократияга кенен жана даңгыр жол ачылат дегенге толук ишеним бар. Долбоордо демократияга негизделген бардык принциптер камтылган. Ошондуктан, эл аралык стандартка жооп берет. Бул жагынан эч бир шек санабай эле койсок болот. Кыргызда“Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Адистер бул жагынан кынтыксыз иш алып барышты. Конституция ар бир жаранга тиешелүү болгондуктан, ким болбосун өздөрүнүн укугун талап кыла алат. Бирок, ошол эле маалда Баш мыйзамды терең түшүнүп талдай албаган адамдар, же болбосо өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр кандай айтса да өздөрүнүн укугу. Улуу Махатма Ганди айткандай: “Адам-өзүнүн акыл оюнун азыгы, эмнени ойлосо ошого айланат”. Турмуш көрсөткөндөй андай адамдарга эч ким тыюу салбайт, жакшыны ойлосо-жакшыга, жаманды ойлосо- жаманга айланат. Эмнени көргүсү келсе ошону көрөт, эмнени уккусу келсе-ошону угат, эмнеге ишенгиси келсе-ага ишенет. Дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрү Конституциясы жок эле жашап жатышат. Маселен, Улуу Британия, Швеция, Канада, Жаңы Зеландия, Израил, Ливия, бул мамлекеттер Конституциясы жок эле өнүгүп жатышат. Аларда Баш мыйзамдагы принциптер башка мыйзамдарда каралган. Ошондуктан, көйгөй жаратып, жеке басарланып түнөрүп олтуруштун кажети жок.
Конституциянын айланасында саясатчылар гана саймердиреп, талкуулоочу эле. Бул жолу мурдагыларга салыштырмалуу карапайым калк өздөрү аралашып, көңүл кош эмес экендиктерин көрсөтүштү. Баш мыйзамдын жалпы элге иштөөсү үчүн кандай жолдорду көрсөтөсүз?
Туура суроо бердиңиз. Бул Баш мыйзам Кыргыз Республикасынын ар бир жараны үчүн жазылган. Кыргызстандын жарандары анда каралган укуктук ченемдер менен күнүмдүк жашоосун улайт. Ошондуктан буга терең маани берип, коомчулук катуу талкууга алып жатат. Өлкөбүздө болгон үч элдик толкундоолордун башаты Конституцияда каралган нормалар жүзөгө ашпай жана сакталбай аткандыктан улам болду. Жашырганда эмне, кээ бир нормалар чийки болуп калган учурлар көп. Ошону менен катар шайлоолордун калпыстыгы жана мамлекеттик органдарындагы адилеттүүлүктүн жоктугу да элдин нааразычылыгын туудуруп келди.
Конституция канчалык анык жана так болсо, ошонун негизинде мыйзамдар кабыл алынат. Башкача айтканда булактын башаты Конституция. Булак канчалык тунук болсо, өзөндөгү суу ошондой болот эмеспи. Анын сыңарындай Конституция канчалык сапаттуу, жогорку деңгээлде болсо кийинки мыйзамдар да ошондой болот. Анын бир дагы нормасына каршы эч кандай мыйзам, мыйзам актылар, соттун чечими, мамлекеттик органдардын буйруктары кабыл алынбашы керек. Жарандардын кызыкчылыгы ар дайым корголушу шарт.
Эл өзгөрүүнү, өнүгүүнү талап кылып жатат. Жаңы долбоордо элдин жашоосун жакшы нукка бура турган кандай конкреттүү жагдайларды белгилейт элеңиз?
10-январда жалпы эл президенттик башкаруу формасын тандады. Мурда мындай башкарууну бийлик аныктап келген, алар ошого жараша бири да мамлекеттин жоопкерчилигин өз мойнуна алган жок. Элибизде айтылгандай “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” дегендей, бийликти мыкчыгандар келип кете беришти. Моралдык жоопкерчиликти алса алгандыр, бирок юридикалык жоопкерчиликти алууга батына алышпады. Эл ишеним көрсөткөн адамдарынан эми кайтарым болобу деген үмүт менен жоопкерчиликтин болушун да талап кылып жатышпайбы. Ошондуктан, элдин 80 пайыздан ашыгы бир адамдын башкаруусун тандашты. Жаңы шайланып келген Президентибиз Садыр Нургожоевичке макамына жараша укук дагы, милдет дагы жоопкерчилик дагы жүктөлүп жатат. Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук сакталбай калды дегендер да жок эмес. Парламенттик башкаруу деп формалдуу атап келген системада мамлекеттик бийликтин бир топ укуктары Жогорку Кеңеште болчу. Эми президенттик башкарууну тандагандан кийин ал укуктар албетте, Президентке өтөт. Ички жана сырткы саясатты Президент аныктайт. Мамлекеттик чиновниктердин саны өсүп, каржы маселеси кыйындап жатат деп эл түйшөлүүдө. Жаңы долбоор боюнча Президент менен Өкмөттүн аппараты биригет. Биринчиден, эл күткөндөй чиновниктердин саны кыскарат. Экинчиден, кабыл алына турган чечимдердин бардыгы бир жерден иштелип,тез аранын ичинде ишке ашуусуна жол ачылат. Анын аткарылышын көзөмөлдөгөн эки баштуу аппараттын ордуна бирөө болуп калат. Аппараттардын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын санынын кыскарышы менен бир топ каражат үнөмдөлөт. Муну жөнөкөй эл түшүнүшү керек.
Венеция комиссиясы адам укугу боюнча жагдайлар мурдакы Баш мыйзамдарга караганда кеңейгендигин белгиледи. Бул жаңы долбоор соңку отуз жылдык тарыхыбызда улуттук өзгөчөлүгүбүздү жана географиялык шартыбызды кароо менен кыргыз тилинде жазылгандыгынын өзү жалпы эл үчүн чоң утуш болду десек болот.
Президент аткаруу бийлигин өз мойнуна алды деп жар салып жатабыз. Анан ошол мойнундагы милдетин жана жоопкерчилигин аткара албай калган учурда мыйзам алдындагы жоопкерчилиги кандай каралган?
Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевич президенттик шайлоо алдында аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин өз мойнуна алып жаткандыгын бир нече жолу айтты. Ушул жерден өзгөчө белгилеп койчу жагдай, буга чейин бир да Президент эл алдына чыгып, жоопкерчилик тууралуу ачык айта алган эмес. Тескерисинче көшөгөнүн артына туруп алып, каалагандай калчап келишпедиби. Бул жолу импичмент маселеси кирди. Жогорку Кеңеш депутаттардын үчтөн экисинин добушу аркылуу Президентке импичмент жарыялай алат. Бул дүйнөлүк практикада бар. Мындан сырткары өкмөт мүчөлөрүнүн ар биринин жоопкерчилигин Президент өзү жеке карайт. Анын негизинде иштен четтетүүгө толук укугу бар. Демек, укугуна жараша жоопкерчилиги да турат. Ошондуктан, президенттин жоопкерчилиги тууралуу олку-солку ойлор болбошу керек.
Конституциялык жаңы долбоор тууралуу өткөн тегерек столдо айрым кемчиликтердин кетип калгандыгы айтылды. Мүчүлүштүктөрүн оңдоого мүмкүнчүлүктөр барбы?
Бул аксиома. Конституциялык долбоор референдумга коюлгандыктан, азыр мүмкүнчүлүк жок. Абройлуу Венеция комиссиясынын сунуш-пикирлерин да эске алышыбыз керек. Конституциялык кеңешме үч айдан ашык талкууларды жүргүздү. Ар кандай жыйындар өттү. Кеткен алешемдиктерди буга чейин айтууга кенен убакыт да бар эле. Конституцияда каралган нормаларды жүзөгө ашырыш үчүн келечекте жүздөгөн мыйзамдар кабыл алынат. Айтылып жаткан сунуштар зарыл болсо, мыйзам аркылуу киргизүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Келе турган Жогорку Кеңеш референдум өткөрбөй эле өзгөртүү жана толуктоолорду киргизсе болот. Келечекте кандай Жогорку Кеңеш келет?! Ал элдин тандоосуна жараша болот. Татыктуулар келсе бийликтин ортосундагы тең салмактуулук жакшы сакталат. Бул жагын эл эсинен чыгарбашы зарыл. Парламентке келе турган депутаттар канчалык абройлуу, кесипкөй, элим, мекеним деп жанын сабаган жарандар келсе өлкөдө тезирээк өзгөрүү болот. Анткени, сапаттуу мыйзамдар кабыл алынат. Бул — мыйзамдуулуктун, тартиптин, өнүгүүнүн башаты.
Баш мыйзамга улуттук руханий баалуулуктардын киргизилишине каршы чыккандар да болду. Сиз бул тууралуу кандай ойдосуз?
Кыргыз элинде ата-бабалардан келе жаткан улуттук улуу салттар бар. Биз айыл жеринде чоңойгонбуз. Ошондуктан, улуу муундар мындай нерселерди туу тутуп келе жатабыз. Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо деген мыйзамда каралбаган үрп-адат, салттарыбыз бар. Мына ошонун баары баш мыйзамга түздөн-түз жазылбаса дагы мүмкүн болушунча камтылды. Президентибиз Садыр Жапаров бекеринен “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгын жарыялабаса керек. Акыркы жылдары биз Батышты туураганды адат кылып калдык. Кыргыздын өзүнүн ата-бабадан келе жаткан улуттук өзгөчөлүктөрү бар. Мындай баалуулуктарды чанбай, келечек муун үчүн эреже катары киргизсек болот. Бул жагы кош колдоп колдоого татыктуу болду. Япондор ааламдашуу доорунда дагы өздөрүнүн самурайлык салт-санааларын сактап келе жатышпайбы. Анын сыңарындай биз дагы тилибизди, дилибизди бекем тутуубуз зарыл. Конституциябыз Кыргыз Республикасынын кыртышында өсүп чыккан дарак болсо, ага жараша адеп-ахлагыбызды жогорулатышыбыз керек. Жогорку Кеңеште кандай “маданияттуу” адамдар олтургандыгын жалпы эл көрүп жатат. Алар бардык жактан элге үлгү болушу керек. Кийген кийиминен баштап, кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сүйлөгөн сөзүнө, тапкан кирешелерине чейин кынтыксыз болууга милдеттүү деп ойлойм. Бул жагынан жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин дагы улуттук баалуулуктардын негизинде мамлекеттик идеология, стратегия жана күчтүү программага негизделген концепциялар иштелип чыгат деген ак тилегим бар.
Эгемендиктин, бийликтин ээси эл. Эл өзүнүн бийлигин кандай жолдор менен жүзөгө ашыра алат?
Эл — бийликтин ээси, туткасы, булагы. Эл өзүнүн бийлигин өкүлчүлүгү аркылуу ишке ашырып жатпайбы. Ошондуктан, шайлоого жана референдумга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Добуш берүүгө ар бир жаран өзү катышсын. Аны добушу аркылуу мамлекеттин тагдыры чечилет. Мен барсам да барбасам да бийлик өз билгенин жасап коёт деп таарынып үйдө олтуруп алуудан алыс бололу. Жасап койгонго мүмкүнчүлүк берилбей тургандыгын, администрациялык ресурс колдонулбастыгын азыркы бийлик, өкмөт бекем убадалап жатат. Эл дагы өз добушун сактоого аракет жасашы керек. Добушун сатып алган, сатып жаткан адам да жаңы мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Шайлоолордо мүмкүн болушунча өзүбүздүн эркибизди билдиришибиз керек. Джон Рокфеллер айткандай: “ Адам эмнеге умтулса да максаттын тактыгы ийгиликтин негизи болот”, — деп айткан экен . Андыктан урматтуу шайлоочулар добуш сатуу ар намысыңды, абийириңди саткан менен барабар. Кыргыздар абийирин бийик туткан эл экенибизди эч качан унутпайлы.
Жылдыз Дыйканова

