Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда республикалык деңгээлде “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы өтөт.
Бул туралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Этнофестивалда боз үй шаарчалары тигилип, кол өнөрчүлөр мастер-класс көрсөтөт. Асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси, ошондой эле спорттун үч түрү: аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер жана башка иш-чаралар уюштурулат.
Кароо- сынактын жыйынтыгы менен катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.
Фестивалдын максаты — кыргыз элинин үрп-адаттары аркылуу улуттук суусундук катары кымыздын тарыхый баалуулугун жайылтуу менен анын жасоо шарттары жана түрлөрү жөнүндө коомчулукка маалымат жайылтуу болуп саналат.