"Эркин-Тоо"

Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда

ӨКМдин маалыматына ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда.
Буга чейин  “112” кызматына 15-апрель күнү Чу дарыясына 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол күндөн бери издөө улантылып, бүгүн, 18-апрелде, Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылды.