"Эркин-Тоо"
№78 2021-ЖЫЛДЫН 9-ИЮЛУ

Чубак ажынын кадыры жана Куран китеп

2012-жылдын июнь айы эле. Редакцияда иштеген кыздар чогулуп, арабызга Арген деген жигитибизди кошуп Жибек Жолу көчөсүндөгү мечиттин алдындагы “Ноокат самса” деген чайканадан самсы жегени жөнөдүк. 5 кыз, бир жигит болуп шарактап чайканага кирип барсак эле тапчанда бир топ жигиттер менен Чубак ажы устаз олтуруптур. Мага баш ийкеп учурашты. Анткени, Чубак ажы муфтий болуп турган кезде аны менен 3 жолу маектешип, эки жолу түз байланыш уюштургам. Кийин телефон аркылуу көп эле байланышып жүрдүм. Устаз мени дароо таанып, учурашканына ыраазы болдум. Башка жерде орундук жок болгондуктан кыздар менен Чубак ажы олтурган тапчандын жанына барып отуруп калдык. Самса жегени келгенден кийин, «самса жейбиз»,- деп буюртма бердик. Бизге жанаша олтурган Чубак ажы менен келгендер да тамактанып жатышты. Бир убакытта тапчанда отурган жигиттердин бирөөсү арабыздан Аргенди чакырып кетти. Кыздар дароо эми Чубак ажы «жайында мынча ачык кийинип жүрөсүңөр, бир аз жабык кийинбейсиңерби», — деп бизди урушат го деп жабалактап коркуп кеттик. Анткени, ысык болуп кыздар ачык кийимдерди кийип алган элек. Уялганыбыздан үстөлдүн түбүнө кирип кетүүгө да даяр элек.

Баарыбыз жеңдерибизди тарта-тарта уялып жаттык. Аңгыча Арген кайра келип, жаныбызга олтурду. Жабалактап “Эмне деди? Бизди ачык кийинип алышыптыр деп уруштубу?”,- деп сурадык.
«Жок, биздин редакциянын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, жеген самсабыздын акчасын мен төлөйм», — деп айтты Чубак ажы деп калды.

Мен дароо каршы чыктым. Өзү 6 адам болсок, көп самса жедик, анын баарын кантип Чубак ажыга төлөтөбүз кой дегиче болбой устаз баш ийкеп, сыртка чыгып кетти. Устаздын жанында жүргөн бир жигит кассага барып эле эсептешип калды. Ордумдан туруп, жигитке бардым.
Коюңуз, мындай кылганыңыз жарабайт. Биз көп акчага тамак жедик. Анын баарын Чубак ажыга төлөтө албайбыз. Туура эмес болуп калат. Биз устазга ыраазыбыз. Журналисттик кесип ушундай маек алуу, түз байланыш уюштуруу биздин жумуш. Ага ыраазычылык айтыштын кереги жок дедим жалбарып.

“Жок эже, устаздын айтканын кылышым керек. Сиздердин жеген тамакты төлөшүм шарт”,- деди. Экөөбүз бир топ тартышып турдук. Биздин талашып-тартышып жатканыбызды көргөн чайкана ээси жаныбызга чуркап келди.

“Кандай маселе жаралды”,- деди тынчсызданып. Устаздын жигити “Эжелердин тамагынын акчасын ыраазычылык иретинде төлөйм деп Чубак ажы акча таштап кеткен. Ошону эсептеп берсеңиз төлөп коймокмун”,- деп күйпөлөктөдү.

Чайкана ээси “Жок, коё тургула. Эгер Чубак ажы бул кыздарды сыйлап жатса, кыздар менин да сыйлуу коногум болсун. Тамактын акчасын Чубак ажы да, кыздар да төлөбөйт мен төлөйм”- десе болобу. Ошентип, үч адам биз жеген тамактын акчасын төлөйм деп талашып калдык. Акыры Чубак ажынын жардамчысы бизди жеңип чыкты. “Жок, мен устаздын айтканын кылам. Төлөшүм керек”,- деп самсалардын акчасын чайкана ээсине берди. Чайкана ээси акчаны алган менен бизге келип “Эми дагы бирден самса жеңиздер, калганын мен төлөйм”, — деп сунуш айтты. Ал өзүнчө Чубак ажынын сыйлуу коногу болсоңуздар сиздерди кантип куру чыгарам деп убара. Мен болсо мындай сый үчүн бир чети кубансам, экинчиден тынчсыздандым. Кыздар болсо таңдана кудуңдап сүйүнүшөт.

Бул окуядан кийин мен Чубак ажынын кадыры тууралуу көп ойлондум. Чайкана ээсинин да устаздын конокторун сыйлайм,- деп күйпөлөктөгөнү эч эсимден кетпеди.
Көп өтпөй Орозо айы жакындап, Чубак ажыдан муфтий катары маек алайын деп Муфтиятка баргам. Кирсем жылуу кабыл алды. Ыраазычылык билдирип, баягы чайканадагы окуя тууралуу да сүйлөштүк. Жакшы маек курдук. Орозо тууралуу маегимди алып бүткөн соң устаз мага “Сиз турмушка чыккансызбы”, — деп сурады. “Жок”,- дедим уялып. Анткени, жашым 30га чамалап калган эле. “Анда кетпей тура туруңуз мен азыр келем”, — деп башка бөлмөгө кирип кетти. Тез эле бир китеп көтөрүп чыкты. Куран китеп экен. “Ылайым турмушка чыгыңыз. Бактылуу болуңуз”,- деди устаз колума Куран китебин карматып батасын бере. Мен бир чети уялып, экинчиден, устазга ыраазы болуп кабинеттен чыктым. Көп өтпөй турмуш курдум.

Азыр Чубак ажы тууралуу көп эскерем. Анын айткан сөздөрүн көп эстейм. Күндө эртең менен жумушка келе жатып ар кимдин телефонунан устаздын үнүн угуп кубанам. Сабактарын издеп көргөн жаштарга ыраазы болом. Көзү өткөнүнө бир жыл болсо да ал арабызда жүргөндөй эле туюлат. Баары анын сабактарын миң кайталап көрсө да эч тажашпайт. Арабыздан мына ушундай сыйлуу, кадырлуу, билимдүү аалым кетти! Аттиң! Адатта көзү өткөн адамдын карааны алыс болуп, жыл өткөн сайын унутулат эмеспи. Айрым адамдар андай эмес. Кайра жаңырып, улам күйүп-жанып эскерилип тура турган адамдардын элеси эч качан эскирбейт экен.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА