Чүй облусунда ири бодо мал бордоп семиртүүчү чарбалар түзүлөт

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 142

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Бишкек шаарындагы эттин баасын турукташтыруу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Чүй облусунда ири көлөмдөгү бодо мал бордоп семиртүүчү чарбаларды уюштуруу долбоорун ишке ашырууда.

Маалыматка ылайык, долбоор министрликтин өз каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Долбоордун алгачкы этабында бордоп семиртүүгө 2 миң 500 баш бодо мал киргизилет.Возможно, это изображение один или несколько человек

Кийинки этаптарда өндүрүштүн көлөмү кеңейтилип, жакынкы эки жыл аралыгында бордоп семиртилүүчү малдын саны 20 миң башка жеткирүү пландалууда.

Министрликтин маалыматына караганда, бул демилге ички рынокту сапаттуу эт азыктары менен камсыздоого, мал чарбачылыгынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X