"Эркин-Тоо"

Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча 22 милиция кызматкери жоопкерчиликке тартылды

Айдоочу Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча 22 милиция кызматкери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникация комитетинин жыйынында билдирди.

«Учурда бул кылмыш иши боюнча 4 милиция кызматкери Аскер прокуратурасында сурак берип жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча жалпысынан 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылып, 9 милиционер ээлеген кызматынан кол жууп, 1 кызматкер ишинин бошотулду. 12 адам жоопко тартылды.

Бул окуя боюнча ИИМдин ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзөрү буга чейин кабарланган.

Эскерте кетсек, Бишкек эреже бузган айдоочуу милиционер тапанчасы менен аткандыгы кабрланган.

Ал эми ШИИБдин басма сөз кызматы эреже бузган айдоочу милиционердин тапанчасын талашкан учурда кокусунан атылып кеткенин, натыйжада андан жараат алган айдоочу көз жумганын маалымдаган. Социалдык тармактарда милиционер тапанчасынан өзү ок чыгарганы тартылган тасма тарагандан кийин, адамды өлтүрө аткан деп шек саналган милиционер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына киргизилген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!