"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

«Чыңгыз Айтматов» көркөм фильминин тизери жарыяланды (видео)

Чыңгыз Айтматовдун өмүрү-чыгармачылыгына арналган алгачкы толук метраждуу көркөм фильм тартылып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдап, фильмдин тизери жарыялангандыгын билдирди.

Министрликтин айтымында, тасма жазуучунун биографиялык материалдарынын негизинде даярдалып, анын жашоосундагы маанилүү учурларды жана дүйнөлүк маданиятка кошкон салымын чагылдырат. Экранизациялоо укугу мыйзамдуу негизде алынган.

Экранизациялоо укугу мыйзамдуу негизде алынган жана Айтматовдун образын ким аткарары азырынча сыр бойдон калууда.

Маалыматка ылайык, көркөм фильмдин премьерасы 2026-жылы көрсөтүлөт.