Биз бир кемедебиз
Бишкекте 13-14-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эл аралык форум өтөт. Бул боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымат берди.
Эл аралык форум «Чыңгыз Айтматов», «Биз бир кемедебиз», «Айтматовдун чыгармачылыгы орус тилинде» аттуу темаларды камтыйт. Форумга Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген кырктан ашык академик, Азербайжан, Армения, Беларусь, Молдова, Грузия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан театр, кино ишмерлери чакырылган.
«Эл аралык форумда Айтматовдун руханий мурасын изилдөөнүн жаңы багыттарын жана темаларын аныктоо, ошондой эле эл аралык Айтматов институтун түзүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу талкууланат», — деп билдиришти уюштуруу тобу.
Айтматов жана театр
Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата 7-12- декабрь күндөрү Бишкекте “Айтматов жана театр” VI Эл аралык театр фестивалы өттү. Ага Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Азербайжандан келген театрлар көрөрмандарга Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди тартуулашты.
Фестивалдын расмий ачылышы 7- декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драмда театрында болуп, жабылышы 12- декабрь күнү аталган театрда Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектакли менен жыйынтыктат.
Ал эми 11-декабрда К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театры Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында Чыңгыз Айтматовдун “Ак Кеме” повестинин негизинде жазылган “Ак Кеме” спектаклин сахнага алып чыгышты.
“Кыргыз тили жана Айтматов”
Улуу жазуучу Айтматовго байланышкан дагы бир орчундуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде уюштурулган. Аталган министрлик 2023-жылдын 23-сентябрынан 23-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялашкан. Иш-чаралар планына ылайык бул аралыкта министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин тил билүү деңгээлин аныктоочу “Кыргызтест” тутумунан толук өтүп бүтүүсү камсыздалат.
Мындан тышкары жакынкы аралыкта Кыргыз улуттук “Манас” театрынын кызматкерлери менен биргеликте “Манас” эпосундагы экономика темасын ачып көрсөтүүчү кызыктыруучу баяндама угуу мүмкүнчүлүгү бар.
“Эки элдин сыймыгы”
Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Дагестандын эл акыны Расул Гамзатовдун чыгармачылыгы боюнча лекция окулат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди. Иш-чара 12-декабрь күнү саат 14:00дө Бишкектеги “Русский дом” борборунда өтөт. Лекцияны Орусия менен Кыргызстандын маданият министрликтери, ошондой эле Орусия кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурат. Иш-чарада сиздер Чыңгыз Айтматов менен Расул Гамзатовдун өмүрү, чыгармачылыгы жана достугу тууралуу кызыктуу фактылар менен гана таанышпастан, белгилүү жазуучулардын үнүн кайталангыс архивдик жазуулардан угуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Махабат Саидрахманова