"Эркин-Тоо"

«Чыңгыз Дөөнүн» өлүмүнө 5 адам шектелүүдө

«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө беш адам шектелүүдө.

Бишкек шаардык сотунан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, 27-августта Свердлов райондук сотунда отурум өтүп, уюшкан кылмыштуу топтун лидерин өлтүрүүгө шектелген беш адамга карата баш коргоо чарасы тандалды. Соттун чечимине ылайык, шектүүлөр тергөө изоляторуна камакка алынды.

Эскерте кетсек, 30-июлда «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов абакта киши колдуу болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн.

Эске сала кетсек, Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кармалган. Андан кийин ал 7-сентябрга чейин СИЗОго камалган.