Инсандык жеке өнүгүүсү боюнча кесипкөй адис, Кыргызстанда билим алуу жана агартуу тармагына кошкон салымы чоң. Эң мыкты бизнес-тренер, 8 китептин автору Чыңгыз Исмаилов менен баарлаштык. Өзү жаш болсо да анын басып өткөн жолу окурмандарга, айрыкча жаштарга өрнөк болот деп ишенебиз.
Сөзгө чоркок, кепке мокок элем
– Бала кезимде үй-бүлөдөгү шартка байланыштуу ар кайсы жерлерге көчүп конуп, кыргыз-орус мектептерде окуп, 7-8 мектеп алмаштырдым. Кыргыз-Россия Славян университетин 2012-жылы кызыл диплом менен аяктап, филолог кесибинин ээси болдум. Университетке тапшырарда бир тилде так жана эркин сүйлөй албай кыйналчумун. Сөзгө чоркок, кепке мокок элем. Сөз байлыгымды өстүрүү үчүн филология факультетин тандагам. Ошол кезде сүйлөө чеберчилигин Кыргызстандагы окуу жайлардын ичинен бир гана ушул Славян университетинин филология факультетинде окутчу.
Студенттерге үйрөтүп жатып үйрөндүм
– Өзүм кызыккан нерсенин артынан түшүп, казып окудум. Ал убакта эч кимдин оюна келбесе да, студенттерге маданияттуу, куюлуштуруп сүйлөөнү үйрөтсөм деп кыялданып жүрүп аны ишке ашырдым. Өз алдымча аракет кылып чуркап, 2-курста студенттерге чечендик өнөр боюнча акысыз курстарды өтө баштадым. Бул үчүн мага университеттен бир сом төлөнчү эмес. Каалаган нерсем аткарылгандыктан, акысына да кайыл элем. Студенттерге үйрөтүп жатып үйрөндүм. Эң негизгиси өзүм жакшы сүйлөгөндү өздөштүрүп, такшала баштадым. Ошентип 2 жыл сабак өтүп, анын артынан 2 китеп жаздым. Орусча “Секрет общения” деген китеп басып чыгаргам. Кийин 4-курсту аяктап жатканда ошол эле китептин экинчи басылышы “Путь к успеху” деген аталышта жарык көрдү. Негизи “Ийгилик жолу” деген китебим адамдардын жашоо жолуна абдан пайдалуу, таасирдүү китеп болгонун окурмандар айтышкан. Китеп 1000 нуска менен чыгып, Кыргыз китеп палатасында жаштар арасында эң көп окулган китеп номинациясын алган. Угуусу начар балдардын борбору үчүн балдарга үн менен окуп, ютубга чыгарышыптыр. Аны Кыргыз радиосундагы Өсөрова Умсунай окуган. Андан кийин чечендик өнөр боюнча “Мастер слова” деген китеп жаздым. Бизнестен саясатка өтөм деген адамдын жеке брендин, элдин алдында кантип сүйлөш керектиги жөнүндө “Бренд личности и ораторское искусство политического лидера” деген китеп чыгардым. Дүйнө жүзүндө бул китептин аналогу жок. Мисалы, Махатма Ганди, Мартин Лютер Кинг кантип сүйлөгөн, кантип элди өзүнө тартып, таасирдүү инсандар болушкандыгына талдоо жүргүзүп жазгам. Андан сырткары адабий чыгармалар, аңгемелер жыйнагым бар. Жети ирет дүйнө чемпиону болгон Орзубек Назаровдун жашоо-турмушу боюнча жазылган “Кайрадан согуш” деген китептин авторумун. Россияда жүргөн мекендештерибиз мыйзамды, укуктарын билбегендиги үчүн ар кандай окуяларга дуушар болушууда. Россия жергесинде өзүн кантип алып жүрүү керектиги тууралуу “Юридикалык жардам” аттуу китеп мекендештерге арналган.
«Бекер эле убара болосуң» дегендердин оозу жабылды
Мен 5-курсту аяктагандан кийин 2 ай иштеп, эми кантип көбүрөөк акча таап, ишкерлик кылсам болот деп ойлоно баштадым. “Вечерний Бишкек” гезитине “Кыска мөөнөттө элдин алдына чыгып тартынбай жакшы сүйлөгөндү үйрөтөм” деген кичинекей жарыя бердим. Телефон чала башташты. Бир кардарды миң долларга окуттум. Ошентип “Сенин бул кылгандарың суу кечпейт, бекер эле убара болосуң” дегендердин оозу жабылды. Бир убакта бир тилде жакшы сүйлөй албай чайналсам, азыр эки тилде эркин, так, таза сүйлөп, мыкты жаза алам.
Мамилени туура башкарсаң, ийгилик ээрчийт
– Пандемияга чейин бардык видеосабактарды ютубга акысыз эле киргизчүмүн. Ал убакта видео, онлайн сабактардан актив таап иштесе болоорун билчү да эмесмин. Акыркы кездерде абдан көбөйүп кеткен бизнестренермин, коучмун дегендердин сабактарын көрүп, сапаты абдан төмөн экенин байкадым. Бекер нерсенин баркы болбогондуктан, кийин мен дагы өзүмдүн видеосабактарымды сунуштай баштадым.
Мен бир гана бизнес жасоо эмес, адамдын бактылуулугу, жолдуулугу тууралуу сабак өтөм. Ошондой эле ийгиликтүү болуш үчүн ийгилик биринчи адамдын ички дүйнөсүндө жаралып, анан ишке ашаарын, ичтен сырткы жашоосуна берилет деген философияны жеткирем. Адам төрт нерсени башкарса болот. Эң биринчи аң-сезимин, мүнөзүн оңдоп, жөндөмдүүлүгүн курчутуп, колунда бар ресурстарын туура пайдаланыш керек. Тажрыйбасын, энергиясын, убактысын туура пайдаланып, кандайдыр бир тааныш адамдар менен болгон карым-катнаш, мамилени туура башкара алса, анда аны ийгилик ээрчийт.
Ар бир адам кошумча киреше булагын тапса болот
– Негизи эле азыр айлыктагы жумушуңду таштап жеке ишкер бол деген курстар көбөйдү. Бул туура эмес. Аларга ишенип барып, кайра эле мурдагы азырак айлык алган жерине кайтып келгендер толтура. Ошол адамдардын сөзсүз түрдө бир нерсеге жөндөмү, күчтүү тарабы болот. Анын көзүн таап, кошумча акча тапса болот. Бул үчүн күн сайын ушул суроонун тегерегинде ойлонуп, энергияны аны табууга жумшашы керек. Мисалы, мугалимдер өзүнүн предмети боюнча акы төлөнүүчү репетиторлук курстар менен машыкса болот. Жан-дили менен аракет кылса, ал ишинен сөзсүз майнап чыгышы мүмкүн.
Эгерде айлык аз болсо үнөмдөп чогултам деген туура эмес. Мисалы 20 миң айлык алып, эконом кылып айына 2 миңден чогултса, аны жылдык 12% инфляция жеп кетет. Ар бир адам өзүнө жараша, элге да пайда алып келе турган кошумча акча булагын түзсө болот. Кантип мен өзүмдүн күчтүү тарабым менен адамдардын көйгөйүн чече турган, пайдалуу бир иш жасасам болот деген суроонун тегерегинде күн сайын ойлоно берсе, жообу сөзсүз табылат.
Жашоодо өз миссиясын тапкан адам бактылуу
– Кандай адам бактылуу болот? Жашоодо өз миссиясын тапкан адам бактылуу. Биринчи ата-энеден реалдуу жараласың. Экинчи, эмне үчүн жаралдым деген суроого жооп издейсиң. Мисалы Брюс Линин миссиясы – дүйнө жүзүнө Кытай элинин имиджин көтөрүү болгон. Ушул миссия үчүн жашаган. Мен дагы оор абалды башыман өткөргөм. Атам 9 жашымда каза болгон. Апам байкем экөөбүздү жалгыз чоңойтту. Бутума туруп, апамды саякаттатып, дүйнө жүзүн кыдыртам деген чоң кыялдарым болгон. Бирок, ал тилегиме жетпей калдым. Мен жаңы эле жеке ишкерликти баштап, эми гана ирденип келатканда 2 жыл катуу күрөшкөнүбүзгө карабай, жаман оору апамды келбес жакка алып кетти. Энемди жоготуу мен үчүн абдан оор болду. Мага жашоонун маңызы калбагандай туюлду. Баары апам менен кошо кеткендей болду. Жашоонун таш боордугуна, биз кыялдангандай эместигине ичим ачышып, үйдөн чыкпай 3 ай жатып калдым. Анан улуу инсандардын оор кырдаалдардан кантип чыкканын кинолордон көрдүм, көптөгөн китептерди окудум. Брюс Линин кинолору мага дем жана кайрат берди.
Ата-энем бизди билимдүү, илимдүү болсун деп болгон күчүн жумшады. Балдарынын жакшылыктарын көрбөй кетишти. Айла жок. Белди бекем бууганга туура келди. Мен дагы кыргыз элинин имиджин көтөрөм деп алдыма чоң максат койдум. Колуман келбесе да аракет кылайын деп чечтим. Жашоодо ар бир эле адамдын миссиясы, кантип баалуулук жарата алам деген аракети болуш керек. Сөзүмдүн таасири менен кыргыз элинин ички жан дүйнөсүнүн байышын, психологиясынын жакшы нукка өзгөрүшү үчүн өмүрүмдү арнагым келет.
Өз жашооңду өзүң гана өзгөртөсүң
– Жакшы жашоо келет деп өмүрүңдү күтүү менен өткөрбөшүң керек. Антип күтүп отура берип кантип 50, 60ка чыгып калганыңды билбей каласың. Анан жашоонун алтын убактысын бекер өткөргөнүңдү кеч түшүнөсүң. Ошондуктан, өз жашооңду өзүң башкарып, өзүң гана өзгөртө аласың. Ал үчүн 4 нерсени башкара билүү керек. Биринчи, аң-сезимди башкарабыз. Негативдүү ойлорду ойлоп, аң-сезимге кандай маалыматты сиңирип алса, адам ошондой гана ойлонуп калат. Айлана-чөйрөнү, кандай адамдар менен сүйлөшүү керектигин кароо абдан маанилүү. Экинчи, ар бир адамдын мүнөзү ата-эненин тарбиясынан, чөйрөдөн, билиминен автоматтык түрдө калыптанып калат. Мүнөздүн артка тарткан жаман сапаттары болот. Тартипти кармап, бир-эки жаман сапатты жок кылса, адам кадимкидей алдыга өсөт, өнүгөт. Үчүнчү, ресурстарды туура башкаруу керек. Ал ар бир адамда бар. Ал убакыт менен энергия. Убакыт менен энергияң кайсы жакты көздөй көп жумшалса, ошол жагың өсөт. Алтындан кымбат убакытты соцсеттерге, ушак-айыңга кетирбей, өзүңдүн шыгыңа, жөндөмүңдүн өсүшүнө, бир күндө жок дегенде бир саат жумшасаң болот. Мисалы, күн сайын жарым саат, бир саат англис тилин үйрөн. Анын эч убакта зыяны тийбейт. Төртүнчү, ар бир адам өзүнүн жөндөмүн курчутуунун үстүндө иштеши керек. Мисалы, Кыргыз радиосунда иштеген Умсунай Өсөрова өзүнүн жумушунан сырткары, китептерди окуп, аудио китептин платформасын түзүп койду. Ушул сыяктуу ар ким өз жөндөмдүүлүгүн өстүргөн багытка күн сайын 2-3 саатты арнаса, сөзсүз жакшы жыйынтык болот деп ишендирип кетем.
Мигрант эмес, турист бол
– Мен көп эле өлкөлөрдү көрүп келдим. Чет өлкөгө барбай эле ошол акчаны өз жериңде тапсаң болот. Кайсы өлкө болбосун, мигрант болуп барган болбойт. Колдон келсе турист болуп саякаттап барыш керек. Же бизнес кылам деп барсаң болот. Бирөөнүн кол алдында иштейм десең, жарыбаган аз акча табасың. Анан кеткен чыгымдарды жаап атып, акча деле чогулта албайсың. Азыр өз жериңде жашап эле, интернет аркылуу бизнес кылса болот. Менин ютубдагы акысыз сабактарымды каалагандар угуп көрүшсө, балким кичине болсо да пайдасы тиет деп ойлойм.