"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы грузин тилине которулду

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесинин алдында Кыргызстандын Грузиядагы элчилигинин демилгеси жана консулдарынын колдоосу менен жазуучунун чыгармалары грузин тилине которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, кириш сөздү улуу жазуучунун уулу Аскар Айтматов жазган. Китептин бет ачары ушул жылдын күзүндө Тбилисиде өткөрүлмөкчү.

Чыгармалардын жыйнагына «Биринчи мугалим», «Кызыл жоолук жалжалым, «Ак кеме» сыяктуу повесттери кирген.