"Эркин-Тоо"

Чыгым 4 миллион сом. Жалал-Абадда дөңгөлөк сатуучу дүкөн күйдү

Жалал-Абадда дөңгөлөк сатуучу дүкөн күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөщ кызматынан билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында дөңгөлөк сатуучу дүкөн күйүп жатат деген кабар түшкөн жерине №55 ӨК-КБнөн бир бөлүм 06:14 тартылган.

Күйүп жаткан өрттүн көлөмү чоң болгонуна байланыштуу жардамга Кыргызнефтигаз ААКнун эки даана өрт өчүрүү автоунаасы жана Кочкор-Ата шаардык тазалык ишканасынан автошаты тартылып саат 06:39 курчоого алынып саат 08:49 толук өчүрүлгөн.

Күйгөн жердин жалпы аянты 496 чарчы метрди түзгөн.

Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 4 миллион сомду түзүүдө.

Өрттүн чыгуу себеби учурда такталууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!